Перейти на новый сайт

MegaCom күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үчүн футболдук турнир өткөрдү

MegaCom күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үчүн футболдук турнир өткөрдү

Өткөн ишембиде, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын футболдук аянтчасында MegaCom кубогу үчүн V турнир болуп өттү. «Mega Футбол» спорттук – социалдык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн оюнга КРдин Коргоо министрлигинин, Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгынын, КРдин Улуттук Гвардиясынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган командалар катышты.

««MegaФутбол» спорттук долбоорун ишке ашыруу менен, уюлдук оператор коомчулукту сергек жашоого үндөп келет. Чакырыгын иши менен айкалыштыра алган компания жер-жерлерге стадиондорду куруп тим болбостон, кызыктуу спорттук таймаштарды уюштуруп келет. Бүгүнкү мелдеш мунун айкын мисалы. Оюн эсте калаарлык болот го деген ишеничтебиз», - деген сөздөр менен иш-чараны MegaCom компаниясынын коопсуздук боюнча Директору Абдыгул Чотбаев ачып берди.

Оюн төмөнкүдөй жыйынтыкталды: үчүнчү орунду – КР Коргоо министрлиги, экинчи орунду – Улуттук Гвардия алса, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы мелдештин жеңүүчүсү болуп табылып, Мамлекеттик чек ара кызматынын командасы Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, Жолдошев Марс-“Мыкты бомбардир”, Аильчиев Бакыт-“Мыкты дарбазачы” , Мусаев Алимжан-“Мыкты чабуулчу”, Оңолбек уулу Канат-“Мыкты коргоочу” жана Мыктыбеков Алмаз-“Мыкты оюнчу” наамдарына татып, ардак грамоталары жана кубоктор менен сыйланышты.

MegaCom компаниясынын фирмалык азем белектери ар бир оюнчуга тапшырылды.


 

“MegaФутбол” спорттук долбоорунун алкагында республиканын аймактарында футбол оюнуна ылайыкталган спорт аянтчаларын куруу жана эскилерин кайрадан калыбына келтирүү, футбол оюнуна байланыштуу иш-чараларды өткөрүү каралган.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы