Перейти на новый сайт
MegaCom жаш спортчулар арасындагы КРнын дзюдо боюнча Биринчилигин колдоодо.

MegaCom жаш спортчулар арасындагы КРнын дзюдо боюнча Биринчилигин колдоодо.

MegaCom компаниясы 2015-ж. 26-28-февралында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата ш. өтүүчү балдар арасындагы КРнын дзюдо боюнча Биринчилигинде башкы өнөктөш катары чыгууда.

Уюштуруучулар белгилегендей, бул спорттук иш чаранын максаты жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга жана спортко тартуу, эң мыкты спортчуларды таап көрсөтүү жана Кыргызстанда дзюдону жайылтуу болуп эсептелет. Жаш спортчулар арасында 72 байгелүү орундар ойнотулат. Биринчиликтин жеңүүчүлөрү мобилдик оператор тарабынан баалуу белектер менен толтурулган MegaCom компаниясынын фирмалык спорттук рюкзактары менен сыйланышат.

«MegaCom компаниясы Олимпиада-2016 Кыргызстандын курама командасынын башкы өнөктөшү катары өлкөдөгү маанилүү спорттук иш чараларды үзгүлтүксүз колдоп, Кыргызстанда спорттун өнүгүүсүнө активдүү жардам көрсөтүп келе жатат», - деп белгиледи MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Эскерте кетсек 2014-ж. MegaCom компаниясы, Ысык-Көл облусунун спорт-комитети, КРнын шахмат боюнча Федерациясы жана КРнын дзюдо боюнча Улуттук Федерациясы тарабынан спортту өнүктүрүү жана жайылтуу, масштабдуу спорттук турнирлерди өткөрүү жана колдоо үчүн ыраазычылык каттары менен белгиленди. Меценаттын колдоосу менен түрдүү турнирлер өткөрүлүп турат, ал эми кыргызстандык таланттуу спортчуларда чемпионаттарга, лицензияланган оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы