Перейти на новый сайт

MegaCom Кара-Көл шаарында жаңы фирмалык салонун ачты

MegaCom Кара-Көл шаарында жаңы фирмалык салонун ачты

Кезектеги фирмалык салон, 2013-жылдын 29-апрелинде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ачылды. Дареги: Серый көчөсү, 15-үй.

Жаңы фирмалык салондо MegaСom кызматтарынын толук топтому сунушталат: түйүнгө кошулуу жана номурду каттоо, тарифтик планды тандоо, балансты комиссиясыз толтуруу, SIM-картаны калыбына келтирүү, тарифтик планды же номурду алмаштыруу, байланыш тармагына кошулуу жана кошумча кызматтар менен пайдалануу боюнча кеңештерди алуу.

Иш-чара уюлдук компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Салтанаттын алып баруучусу чогулган меймандардын арасында фирмалык азембелектерди ойнотту. Өз кезегинде, Кара-Көл шаарынын тургундары күтүүсүз майрам үчүн жана компания тарабынан тартууланган «559» уникалдуу тарифи менен SIM-карталар , футболкалар, кепкалар жана күндөлүктөр түрүндөгү жагымдуу белектери үчүн ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Алардын айтуусу боюнча , фирмалык салондун ачылышы көптөн күткөн окуя болду. Буга чейин SIM-картаны калыбына келтирүү үчүн облустук борборго баруу керек болсо, эми бул көйгөйдөн арылышканын кубануу менен белгилей кетишти.

«Аталган MegaCom фирмалык салонуна Кара-Көл шаарынын тургуну ээлик кылат. Башкача айтканда, MegaCom компаниясы жарандарга эң алдыңкы уюлдук компанияга өнөктөш болуу менен өз бизнесин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», - дейт өз сөзүндө Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн директору Татьяна Исмаилова.

Алдыңкы оператор тармакты кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоонун үстүндө тынымсыз иш-аракет жүргүзүп келет. MegaCom дистрибьютердик тармагы өз ичине 7000 ден ашуун сатуу түйүндөрүн камтыйт. Компания ар бир абонентин баалоо менен мамиле кыл.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы