Перейти на новый сайт
MegaCom туулган күнүнө карата белектерди тартуулайт!

MegaCom туулган күнүнө карата белектерди тартуулайт!

2013-жылдын 28-апрелинде MegaCom компаниясынын уюшулганына 7-жыл толот.

Бул күнү компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бардыгында (СТБ), компаниянын абоненттери үчүн утуш оюндары өткөрүлөт. Белек ээси болуу үчүн, жекшемби күнү, компаниянын каалаган СТБсына келип, балансты 50 сомго же андан ашык суммага толуктап, адистердин жардамы менен кызматтардын бирин кошуп, бактылуу утуш билетин чыгаруу жетиштүү. Сиз жөнөкөй же күмүш номурун камтыган жаңы SIM-картанын, акысыз мүнөттөрдүн, SMSтин же Интернет-трафиктин ээси боло аласыз.

Биринчи улуттук уюлдук оператор 7 жашка толду. Бул жылдар аралыгында көп нерселерге жетиштик: туруктуу сапаттуу байланыш, ири шаарларды гана эмес алыскы аймактарды да каптаган ири байланыш түйүнү, тейлөө борборлору жана бир катар дилердик тарамдар ишке кирген. Меценат-компания республиканын ири салык төлөөчүлөрүнүн көч башында келе жатат.

7 жыл ичинде түптөлгөн чыйыр жол менен жаңы бийиктиктерди багындырууга даярбыз. Өлкө боюнча 2,5 миллиондон ашуун абонент биздин абонентибиз! Жөнөкөй сөз менен айтканда, ар бир экинчи кыргызстандык MegaComду тандайт, демек – бул күнү ар бир экинчи мекендешибиз майрамдык маанайыбызга ортоктош боло алат!”, - деп белгиледи, компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.

MegaCom, тарифтөөнү улуттук валютада, EDGE технологиясынын негизиндеги мобилдик интернетти, чет өлкөлүк мобилдик операторлор менен MMS-алмашууну киргизген алгачкы уюлдук оператор. Кыргызстандын уюлдук байланыш тармагынын ийгиликтүү өнүгүшүнө компаниянын кесипкөй командасынын кошкон салымы зор. Компания өз пайдубалын түптөй баштаган маалда, мобилдик байланыш республика боюнча 10 пайыздан бир аз гана жогору болсо, бүгүнкү күнү Кыргызстандын маалымат-коммуникациялык технология чөйрөсүндө мобилдик байланыш кызматтары 74,1 пайызды түзөт.

Алдыңкы уюлдук оператор жаңы кызматтарды, жогорку сапаттагы тейлөөнү, туруктуу байланышты, ачык жана ыңгайлуу тарифтерди сунуштап келет.

MegaCom – сениң мобилдик операторуң!

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы