Перейти на новый сайт

MegaCom адистери МКТ чөйрөсүндө эмгектенген айымдардын Эл аралык күнүнө арналган теле-көпүрөгө катышышты

MegaCom адистери МКТ чөйрөсүндө эмгектенген айымдардын Эл аралык күнүнө арналган теле-көпүрөгө катышышты

2013-жылдын 25-апрелинде И.Раззаков атындагы КМТУда “Айымдар маалымат-коммуникациялык технологиялар дүйнөсүндө” деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган Эл аралык күндү апрелдин төртүнчү бейшемби күнү белгилөө салтка айлангандай. Бул майрамды утурлай, Эл аралык электр байланыш уюмунун аймактык бөлүмү тарабынан КМШ өлкөлөрү үчүн видео конференция өткөрүлгөн.

Бул онлайн иш-чара, кыз-келиндердин маалымат-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүнө катышы болгон кесиптерди тандоосуна өбөлгө түзүп, назик аялзатынын өкүлдөрүн бул тармакка тартууга багытталган. Видео конференция аркылуу Молдованын, Орусиянын, Украинанын жана Кыргызстандын өкүлдөрү баарлаша алышты.

MegaCom, ЭЭУнун мүчөлүгүнө кирген алгачкы жана бирден-бир уюлдук оператор. Компаниянын атынан ийгиликтүү жетекчи-айымдар Роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова жана Корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова катышышты. Алар чогулгандар менен жеке ийгиликтеринин сырлары, МКТ тармагында топтолгон тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларга “MegaБилим” билим берүү долбоору туурасында айтып беришти.

Жыйынтыгында, ЭЭУнун КМШ боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Орозобек Кайыков MegaCom компаниясына телекөпүрөгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип жана “МегаБилимдин” ЭЭУ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айылдарды жана мектептерди бириктирели» билим берүү долбооруна окшош жактарын баса белгиледи. Долбоор алкагында, информатика мугалимдери үчүн атайын мастер-класстар өткөрүлөт.

Өз ишмердүүлүгүндө алдыңкы уюлдук оператор гендердик тең салмактуулукту сактап келет. Аялзатынын маалымат-технологиялар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө маани бергендиги компаниянын бул багытта жүргүзгөн иш-аракеттеринен байкалып турат. Компаниянын жалпы кызматкерлер жамаатынын 47 пайызын кыз-келиндер түзсө, алардын ичинен 25 айым жетекчилик кызматты аркалап, 5 бөлүм жетекчиси ишмердүүлүгү техникалык билим менен байланышкан бөлүмдөрдө эмгектенип келет.

Маалымдама. ЭЭУ- Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы, маалымат-коммуникациялык тармагындагы бирден-бир эл аралык уюм болуп саналат. Анын курамында 191 мүчө-мамлекет жана 719 сектор жана ассоциациялар боюнча мүчөлөр кирет.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы