Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы TEDxBishkek 2013 конференциясына демөөрчү болду

MegaCom компаниясы TEDxBishkek 2013 конференциясына демөөрчү болду

2013-жылдын 21-апрелинде, жылдын TEDокуясы болгон - TEDxBishkek 2013 болуп өттү. Иш-чарага MegaCom компаниясы башкы демөөрчү болду.

Беш жүзгө жакын катышуучулардын башын коштурган «Бир чоң идея» «Манас» кинотеатрынын чоң залында өткөрүлүп, жергиликтүү жана чет элдик ар кесиптин өкүлдөрү өз ийгиликтеринин сырлары менен бөлүшүп жатышты. TEDxBishkek 2013 конференциясы 3 сессиянын алкагында өтүп, ар бир сессияда 2 ден катышуучу чыгып сүйлөдү. Угуучулардын купулуна толгон фразалар интернет колдонуучуларынын арасында цитата болуп тарап кеткендиги конференциянын жүрүшү бир да мейманды кайдыгер калтырбагандыгынан кабар берет. Мисалы, Орусиядан жыйынга катышуу үчүн атайын келген Николай Вяххинин «Кыргызстан – жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү!» деген сөздөрү катышуучулардын көңүлүн алды.

«Ордо Сахна» этно-фольклордук ансамбли, популярдуу кинофильмдердин саундтректеринин обондорун аткарып, чогулгандардын жан-дүйнөсүн арбап, улуттук аспаптардын коштоосундагы обондор музыканын сыйкырдуу дүйнөсүнө жетеледи. Топтун жетекчиси Чолпон Жапарованын айтымында, дүйнөлүк деңгээлдеги музыканттардын бүгүнкү жетишкендиги – чыгармачылык топтун көп жылдык талыкпаган эмгегинин жемиши.

Иш- чара маалында көрүүчүлөр белгилүү – Twitter кичиблогунун сервиси аркылуу өз ойлору менен бөлүшүп жатышты. Ал эми эң активдүү төрт катышуучуга иш-чаранын башкы өнөктөшү - MegaCom компаниясы тарабынан 3Gb Интернет жана 300 мүнөт тартууланды.

MegaCom компаниясы, билим, илим, чыгармачылык, маалымат технологиялары, ишкердик жана спорт жаатындагы жаңычыл идеяларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Конференциянын фото отчёту менен facebook социалдык тармагындагы компаниянын расмий баракчасынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы