Перейти на новый сайт

MegaCom Ош шаарында кезектеги фирмалык салонун ачты

MegaCom Ош шаарында кезектеги фирмалык салонун ачты

Бүгүн, 2013-жылдын 22-апрелинде, MegaCom компаниясы Ош шаарында кезектеги фирмалык салонун ачты.

Компания өз абоненттерине республиканын кайсы жеринде гана болбосун сапаттуу байланыш кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулап келет: балансты толтуруу, сим-картаны калыбына келтирүү, «Роуминг» кызматын кошуу ж.б..
MegaCom фирмалык салонуна кайрылуу менен кесипкөй адистер тарабынан компаниянын кызматтарына байланыштуу сизди кызыктырган маалыматтарды ала аласыз.

                                            

Жаңы фирмалык салондун ачылышына карата, балансын 50 же андан ашык суммага толуктаган ар бир абонент 10 күндүк мөөнөткө түйүн ичиндеги 20 акысыз SMSке ээ болот! 30 акысыз SMSти ичине камтыган бонустук топтом SIM карта сатып алган абонентке тартууланат. Абонент, 22-апрель күнү, жаңы фирмалык салондо балансын кайрадан толуктаган учурда акысыз SMSтер суммаланат, алардын иштөө мөөнөтү 10 календардык күнгө чейин узартылат. Белек катары берилген бонус менен 10 күндүн аралыгында пайдаланууга болот. Бонустук SMSтер баланс толтурулгандан кийин 10 күн ичинде пайдаланылбаса бонус автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Бонустун абалын *505#номуру аркылуу текшерүүгө болот.

Ош шаарындагы Курманжан Датка 260А дарегинде жайгашкан жаңы фирмалык салон өз кардарларын ар күнү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин күтөт. (түшкү тыныгуусуз). Дем алыш күн – жекшемби.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы