Перейти на новый сайт

Алгачкы хакатон MegaComдун колдоосу менен өттү

Алгачкы хакатон MegaComдун колдоосу менен өттү

20-январда, GDGнын (Google Developers Group) Бишкектеги өкүлчүлүгү, MegaCom компаниясынын колдоосу менен, Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жолу хакатон өткөрдү. Иш-чара, Google Chrome белгилүү интернет браузери үчүн кеңейтим түзүүгө багытталган. Хакатон –маалымат технологияларын сүйүүчүлөрдүн жана IT- адистерди бириктирген жаңы форматтагы иш чара.

GDG тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, Константин Золотарёв ментор катары, Chrome браузери үчүн колдонмолорду түзүү негиздерин жана принциптерин иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүп, аларга өз алдынча кеңейтим түзүүгө жардам берди.

Хакатондун соңунда, жыйырмадан ашуун катышуучулар үйрөнүү маалында түзүлгөн колдонмолорду пайдаланып көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш чаранын жүрүшундө, MegaCom компаниясы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан “Mega Билим” билим берүү долбоору туурасында келгендерге маалымат берилип, анда мектеп компьютерлерине атайын колдонмолорду жасап чыгуу сунушу айтылган.

“MegaCom, Кыргызстандын телекоммуникация тармагындагы алдыңкы компания болгондуктан маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагынын заманбап тенденцияларына шайкеш арыштап келүүдө. Хакатон сыяктуу иш чаралар, прогрессивдүү жаштарды чогултуп, жалпы коомдун өнүгүшүнө алып келүүчү позитивдүү инновациялык тажрыйба менен бөлүшүүгө шарт түзөт. Ушул себептен, MegaCom компаниясы, жаш таланттардын демилгелерин дайым колдоп келет”, - деп, белгилеп өттү, компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталып, катышуучулардын мүдөөсүн эске алуу менен, GDG Bishkek тарабынан Android мобилдик платформасы үчүн тиркемелерди түзүү боюнча хакатондор уюштурулмакчы. MegaCom компаниясы бардык катышуучуларга азембелектерди тартуулап, ал эми эң жигердүү катышуучулар сыйлыктардын ээси болушту.

Көңүл буруңуз:

  • 2013-жылдын 23-январында, саат 17:00дө Aiperi Technology Meetup биргелешип иштешүү борборунда, MITтин бүтүрүүчүлөрү жана Google’ сайтынын тажрыйба топтоочулары менен планда каралбаган жолугушуу өткөрүлөт.
  • 2013-жылдын 25-январында Aiperi Technology Meetup борборунда “GDG Last Friday” алкагында IT чөйрөсүнүн акыркы жаңылыктары боюнча талкуу жүргүзүү пландаштырылууда.

 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы