MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 22-январда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусундагы Ош шаарынын Масалиев проспектиси
- Чүй облусунун Чалдыбар, Күрпүлдөк, Садовое жана Чалдовар жана N2 Мамлекеттик резиденциянын аймагындагы «Ала-Арча» жаратылыш багы;
- Бишкек шаарынын Исанов жана Абдыкадыров көчөлөрү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы