Перейти на новый сайт
Абоненттерди алдоо аракеттеринин күч алгандыгы тууралуу MegaCom эскертет

Абоненттерди алдоо аракеттеринин күч алгандыгы тууралуу MegaCom эскертет

Акыркы убактарда, абоненттерге оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болуп табылгандыгын, ага баш байге - телефон же накталай акча каражаты бериле тургандыгын билдирген ар кандай мобилдик номурлардан жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөрдүн саны көп катталууда. MegaCom компаниясы мындай мазмундагы билдирүүлөрдүн компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экендигин эскертет.

- Урматтуу абоненттер, провокацияга алдырбаңыздар! Сиздерге белгисиз адамдар кайрылып, кайсы бир оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болдуңуз деп маалымдаган учурда, ошол замат *500 номуру боюнча Кардарларды колдоо кызматынын адистери аркылуу маалыматты тактаңыз. "Биз, өз кыраакылыгы менен, шылуундардын кылмыштуу иш-аракеттерин алдын алууга көмөктөшкөн абоненттерибиздин кайрылууларын каттап турабыз. Мындай жагдайда жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз,” – дейт өз билдирүүсүндө MegaCom компаниясынын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaCom компаниясынын кызматкерлери тармакты, кызматтарды, жаңы тарифтик пландарды тестирлөөдө, көмөктөшүү суранычы менен өз абоненттерине кайрылбай тургандыгын эсиңиздерге сала кетели.
Абоненттин эсебинен акча каражаттарын чыгарып алууну же дарегин жаңыртуу кызматын активдештирүүнү шарттаган амалдар белгилүү бир буйрууларды терүү жолу менен ишке ашат. Дарек жаңыртуу кызматы активдүү болгон маалда, мобилдик номурду терүүдө башка номурга чалуу, башка өлкөгө да чыгышы мүмкүн. “Тармактык кызматтарды тестирлөө” өтүнүчү менен кайрылуу сиздерди алдоо аракети экендигин эстен чыгарбаңыздар.

MegaCom өз абоненттеринин кызыкчылыктарын коргоо максатында «Абоненттин коопсуздугу» баракчасында жайгаштырылган сактануу ыкмаларын сунуштайт. Компания тарабынан өткөрүлүүчү түрдүү мүнөздөгү акциялар, утуш оюндары, сынактар тууралуу маалыматтарды www.megacom.kg сайтынан жана социалдык түйүндөрдүн расмий баракчаларынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы