Перейти на новый сайт

MegaCom мекенибиздин өнөрпоз жаштарына колдоо көрсөттү

MegaCom мекенибиздин өнөрпоз жаштарына колдоо көрсөттү

18-19-январда, Орусиянын Сочи шаарында өтө турган, КиВиН-2013 телевизиондук сынакка катышуу үчүн Кыргызстандан эки команда жөнөп кетти.Эл аралык фестивалда “Азия MIX” жана “Тамашоу” курама командалары Биринчи жана Жогорку лигаларда алгачкы жолу ат салышмакчы. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 26-январда белгилүү болот.

     

“КВНчилер – жигердүү, таланттуу жана чыгармачыл жаштар. КВН- алар үчүн өнөр уясы болуп келүүдө. Өз мекендештерине жагымдуу маанай тартуулап келген өнөрпоздорубуз, эми Эл аралык сахнада башка өлкөлөрдүн мыкты командалары менен таймашат. MegaCom компаниясы, корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, мекенибиздин таланттуу жаштарынын демилгелерин колдоп келет”, - деп белгилей кетти өз сөзүндө MegaCom компаниясынын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

               

Компания келечек муундун чыгармачыл шык-жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду байма-бай колдоп, өнөрпоз жаштарды көз жаздымында калтырбай келет.

Кызыктуу фактылар:

  • «Азия MIX» -шайырлар жана тапкычтар командасы КВН Эл аралык союзунун Биринчи лигасынын (2012-ж.) чемпиону, ал эми «Тамашоу» - КВН Эл аралык союзунун Орто Азия лигасынын (Астана ш.) бүгүнкү күндөгү Чемпиону , жана да Евразия лигасынын Чемпиону катары коомчулукка таанымал (Алматы ш.)

 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы