MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 18-январда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Культурная көчөсү;
- Чүй облусунун Кызыл Туу, Виноградное, Мраморное айылдары жана дагы Кант шаары, «Ала-Арча» жаратылыш багы;
- Бишкек шаарынын Исанов, Абдыкадыров көчөлөрү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы