Перейти на новый сайт

Сууда  сүзүү  боюнча спорт  чебери  Дарья Таланова: «Талыкпаган эмгек  жана чыдамкайлык жеңишке жеткирет»

Сууда  сүзүү  боюнча спорт  чебери  Дарья Таланова: «Талыкпаган эмгек  жана чыдамкайлык жеңишке жеткирет»

MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен кызматташуунун  жана «Инсандын тарыхы» спорттук долбоорунун алкагында 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарга катышууга талапкерлер менен тааныштыруусун улантат. Азыркы учурда лицензияларды утуп алган жана Бразилияда биздин өлкөнүн намысын коргой турган 4 спортчу аныкталды. Алар:  жеңил атлетчилер Марина  Коробицкая, Юлия Андреева,  Дарья Маслова жана грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Аталган спортчулардын катарын бүгүнкү чыгарылыштын каарманы – жүзүнөн күлкү кетпеген жаш спортчу, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Лондондогу Олимпиадалык оюндардын катышуучусу Дарья Таланова толуктоосу ыктымал.

Дарья, айта кетсеңиз,  сиз спортко кантип  келип калдыңыз?

Менин оюмча келечектеги чемпиондорду бала кезинен  эле  өстүрүш  керек. Сууда  сүзүү менен кечирээк машыга баштадым. Буга чейин мен спорттук гимнастика менен машыгып келгем, бирок аны кийин таштап койдум. Үч жылдык тыныгуудан кийин  ата-энебиз балдардын жеке өсүүсү үчүн алардын бир нерсе менен алек болуусу керек  деп чечишип, мен 14 жашка чыкканда сиңдим экөөбүздү бассейнге алып келген. Ошентип биз сууда сүзүүнү үйрөнө баштадык. Мен ал кезде өзүмдү сууда кармоону билчимүн. Жаңы баштаган жана тажрыйбасы жок сууда сүзүүчү катары  «балдардын бассейнинде» -тайыз бассейнде машыгар элек.

Бала кездеги кыялыңыз  Сизди  кесипкөй  спортко  кандайча жетеледи?

Сиңдим экөөбүз машыга баштагандан соң  бир жылдан кийин  машыктыруучу Светлана Борисовна  байкап, бизге өзгөчө көңүл бура баштады. Жарым жыл өткөндөн кийин биздин машыктыруучубуз  өлкөдөн  кетти, бирок дал  ошол адам балалык  кыялыбызды ишке ашырууга чыйыр салып, бардыгы колубуздан келет  деген ишенимибизди ойготту.  Дагы бир жыл өткөндөн кийин ар бир машыгуумда  жаңы ыкмаларды колдоно баштадым. Сууда сүзүүнүн брасс стилине  көбүрөөк  көңүл бурар элем.  Спорттук ишмердүүлүгүмдүн пайдубалын түптөй баштагандан тартып эле эмгегимдин натыйжасын  сезүүнү үйрөндүм.

Кайсы таймаш эсте калаарлык  болду?

Бул  Шанхайдагы дүйнөлүк чемпионатка барган алгачкы сапарым десем болчудай.  Анда мен 15 жашта болчумун. Мен биринчи жолу учакка олтуруп башка мамлекетке учкан элем. Ал сапарымдан алган таасирлеримди сөз менен айтып бере албачудаймын!

2016-жылдагы Олимпиадага даярдык кандай?

Биз жакында эле, 1-4-октябрларда,   Таиландда болуп өткөн Азия Чемпионатынан келдик. Буга чейин Ысык-Көлдөгү тереңдетилген машыгууларда болдук. Жакынкы  жарым жыл чечүүчү учур. Мен Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензияны утуп алууга билек түрө киришүүдөмүн.

Спорт дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштап  жаткан жаш спортчуларга кандай кеңеш бере аласыз?

Чыдамкайлык. Спорт, өзгөчө  кесипкөй  спорт– бул чыдамкайлыкты жана жеке темирдей тартипти  талап  кылган түйшүктүү эмгек. Биз бир жумада 6 күн бою күнүнө эки жолудан  машыгып турууну адат кылып алганбыз. Күн сайын таң атпай туруп бассейнге барып эки саат тынымсыз аркы өйүздөн берки өйүзгө берки өйүздөн аркы өйүзгө 25 метрден 200 «бассейнди» сүзүүнү элестетип көрсөңөр. Ушундай эле машыгуу кечинде кайталанат. Ушинтип күн сайын маанайыбызга, эшиктеги аба ырайына  карабастан машыгып келем. Жекшемби – дем алыш күнүм, ошондуктан  мен үчүн уйку - бул эс алуунун эң жакшы түрү.

Келечек  пландарыңыз  менен  бөлүшө  кетсеңиз.

Болгон убактымды лицензияны утуп алууга жумшоо  үчүн «Спорттук  менеджмент» багытында өзүм билим алып жаткан  Америка  университетинен бир жылга  академиялык өргүү алгам.  Келечекте  окуумду  улантам,  жана да, албетте,  Кыргызстанымдын  намысы  үчүн  мелдештерге  катышмакчымын.

 

Сыйлыктар:

2015 – сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынын күмүш байгесинин  үч жолку жеңүүчүсү(Таиланд).

2013 – Барселона шаарындагы  Дүйнө чемпионатынын катышуучусу (Испания).

2013 – Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын катышуучусу (Кыргызстан).

2012 – Лондон шаарындагы Жайкы Олимпиадалык Оюндардын катышуучусу (Улуу Британия ).

2011 – сууда сүзүү боюнча 7- Азия Чемпионатынын катышуучусу (Индонезия).

MegaCom – спорт  жана сергек  жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы