Перейти на новый сайт

MegaCom өзүнүн 6 жылдыгына карата активдүү абоненттерин белектер менен сыйлады

MegaCom өзүнүн 6 жылдыгына карата активдүү абоненттерин белектер менен сыйлады

Компаниянын туулган күнүнө карата, өткөн ишембиде, 28-апрелде, Абоненттерди тейлөө жана MegaCom express-борборлорунда салтанаттуу иш чаралар өткөрүлдү. Nokia, Samsung телефондоруна, USB-модемдерге, фирмалык азем белектер түрүндөгү жагымдуу белектерге “Жеңил интернет”, “Активдүү интернет”, Видео чалуу”, “Роуминг”, “Үн байланыш”, SMS, MMS кызматтары менен активдүү колдонгон 360 абонент ээ болду. 6 жылдыкка арналган салтанаттуу аземи Vefa-борборунда өткөрүлүп, ушул салтанаттуу жагдайдан пайдаланып, компания 2 –апрелден 27- апрелге чейин Facebookдагы компаниянын расмий баракчасында өткөрүлгөн “Мен MegaComду сүйөм” интерактивдүү конкурсунун жеңүүчүлөрүн да белектер менен сыйлады.

Бул убакыттын ичинде абоненттер компанияга болгон сүйүүсүн кызыктуу сүрөттөр, блогдордо видео роликтерди жана ыр саптарын жарыялоо менен билдиришкен. Ошентип конкурстун жыйынтыгы боюнча “Мыкты видеоролик”, “Мыкты сүрөт”, “Мыкты сүрөттүк чыгарма”, “Мыкты фраза”, “Мыкты ыр сабы” жана “Мыкты пост” номинациялары боюнча 9 жеңүүчү аныкталды. Абоненттердин конкурска жиберилген жумуштар менен компаниянын Facebook расмий баракчасында таанышууга болот.

28-апрелдеги, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон айлында MegaCom express–борборунун ачылышы, компаниянын туулган күнүнө туура келген. Компаниянын аймактык директору Тариэль Султанов компания, тарифтик пландар, опциялар жана кызматтар жөнүндө абоненттерге айтып берди. Кезектеги MegaCom express–борборунун ачылышына жана компаниянын уюшулгандыгынын 6 жылдыгына байланыштуу “МЭБ – SMS” акциясы өткөрүлгөн. “Толкун” жаңы жазгы тарифтик планына кошулган SIM-карталарды алган абоненттерге бонустук 30-50 акысыз SMSтер берилди. Компаниянын туулган күнүнө байланыштуу баардык абоненттер үчүн бардык сатуу жана тейлөө жана MegaCom express–борборлорунда күтүлбөгөн таттуу белектер – “Мен MegaComду сүйөм” шоколад момпосуйлары даярдалган.

Маалымат: MegaCom ( «Альфа Телеком» ЖАКы) – КРдин телекоммуникация базарындагы GSM 900/1800 стандартындагы уюлдук байланышты көрсөтүүчү уюлдук компания. Өлкөнүн калк жайгашкан аймагынын 90 пайызын байланыш менен камсыз кылуу менен компания 2,5 миллиондон ашык абоненттерин тейлейт.

Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, дипломатиялык миссиялар MegaComдун корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. MegaComдун корпоративдик кардарларынын саны эки миңден ашты жана тынымсыз өсүүдө. Компания Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктайт. MegaCom – ISO 9001:2008 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн, Кыргыз Республикасынын биринчи жана бирден-бир уюлдук оператору.

Компания, кардарлардын каалоолорун эсепке алуу менен, жаңы кызматтарды жана сунуштарды жайылтып, аларды үзгүлтүксүз ишке ашырып турат. MegaCom бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш келет. Компания түйүндү кеңейтүү,техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. MegaCom дистрибуциялоо түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын, 9 брендделген Mega-экспресс-борборун жана компаниянын 18 ири тейлөө борборун өз ичине камтыйт. Системалык мүнөздөгү компаниянын кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү,компаниянын корпоративдик стратегиясынын бөлүгү болуп эсептелип жана анын баалуулуктарын көрсөтөт.

MegaCom коомчулук алдындагы жоопкерчилигин туура баамдоо менен, калктын жардамга муктаж катмарын колдоого олуттуу салым кошууда.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы