Перейти на новый сайт

“Mega Билим” Баткен областында

“Mega Билим” Баткен областында

“Mega Билим” долбоорунун алкагында, 26-апрелде, Кыргызстандын Баткен областында үч компьютердик класс ачылды. Баткен шаарынын “Кызыл Жол” жана В.И.Ленин атындагы мектеби жана Баткен областынын Кара-Бак айылынын Б.Нурматов атындагы орто мектебинде заманбап ак түстөгү брендделген класс-комплектери орнотулду. Бул иш чара мугалимдер жана окуучулар үчүн көптөн күткөн майрам болуп, мектеп окуучулары компаниянын өкүлдөрүн кубануу менен тосуп алышты.

Компьютердик класстарды ачуу боюнча салтанаттуу аземде уюлдук оператордун өкүлдөрү, Баткен областынын губернатору, Баткен шаарынын биринчи вице-мэри жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. “Жеке өзүмдүн атымдан жана Баткен областынын баардык тургундарынын атынан Сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Ушул мектептерде 3500гө жакын окуучулар билим алып келишет. Алар теорияга гана эмес, тажрыйбага дагы таянып өткөрүлгөн сапаттуу информатика сабактары жөнүндө эңсеп келишкен. Эми уюлдук оператордун жардамы менен алардын кыялдары ишке ашып турат. Биз болсо, MegaCom компаниясынын социалдык багыттагы бардык демилгелерин кубаттоо менен компания менен кызматташ болууга даярбыз”, - деп белгиледи өз сөзүндө областтын губернатору Жеңишбек Раззаков.

В.И. Ленин атындагы мектептин директору Мээринса Жапарованын айтымында, мектептин балансында эскирген компьютерлер бар, алар менен жаңы билим алууга жана практикалык колдонууга суусаган окуучуларга информатика сабактарын сапаттуу өткөрүү мүмкүн эмес. “Mega Билим” билим берүү долбооруна кирген жалпы билим берүү окуу жайларынын тизмесине киргенибизге педагогикалык жамаат жана саны 1700болгон жалпы окуучулар сүйүнүп жатышат”, - деп кошумчалады Мээримса Жапарова.

MegaCom компаниясынын “Mega Билим” билим берүү демилгеси - республиканын алыскы айыл мектептерин компьютерлештирип интернетке кошууга багытталган. “Бул долбоордун алкагында компьютердик сабаттуулукка ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, компания тарабынан өсүп келе жаткан жаш муундун сапаттуу билимге ээ болуусуна шарт түзүлүүдө. Тексттик редактор, графикалык сүрөттөр, таблицалар менен иштөө боюнча мектепте үйрөнгөн алгачкы сабаттуулуктар жогорку окуу жайында, андан соң кесиптик майданда өз баалуулугун жоготпойт ”, - деп эсептейт MegaCom компаниясынын Башкы директору милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

“Мега Билим” билим берүү долбоорунун алкагында республиканын баардык аймактарында бүгүнкү күнү 17 компьютердик класс ачылды. Жалпысынан, Компания республиканын 143 жалпы билим берүү окуу жайын жабдууну пландаштырууда.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы