Перейти на новый сайт
«SMS2Gmail жана Gmail2SMS» – баарлашуунун жаңы чеги

«SMS2Gmail жана Gmail2SMS»  – баарлашуунун жаңы чеги

MegaCom компаниясы  өзүнүн абоненттерин - «SMS2Gmail жана Gmail2SMS» кызматынын киргизилиши тууралуу маалымдайт.

Аталган кызмат көрсөтүү активдүү жана ыңгайлуу баарлашуу үчүн атайын иштелип чыккан. Анын мүмкүнчүлүктөрү MegaCom абоненттери менен белгилүү Gmail почта кызматынын колдонуучуларынын ортосунда кыска  билдирүүлөр аркылуу пикир алмашууга шарт түзөт. Аталган кызмат компаниянын баардык тарифтик пландарынын абоненттери колдоно алат.

«SMS2Gmail жана Gmail2SMS»  Gmail (http://gmail.com) кызматынын “чат” бөлүмүнөн MegaCom абоненттерине акысыз (SMS) билдирүүлөрдү жөнөтүп жана мобилдик телефонунан  жооп жаза алат. Gmail почтасынын чат бөлүмчөсүнө жооп иретинде SMS билдирүү жөнөтүү кошулган опциялардын жана  тарифтик пландын шарттарына ылайык тарифтелет. Кызмат менен Gmail кызматына катталган колдонуучулардын баардыгы колдоно алат.

Кошумча маалыматты  кызматты баяндоо бетинен жана Gmail маалымдама бетинен алса болот.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы