Перейти на новый сайт
MegaComдун өлкө бюджетине которгон төлөмдөрү жогорулады

MegaComдун өлкө бюджетине которгон төлөмдөрү жогорулады

2011-жылдын 1-жарым жылдыгында салыктык төлөмдөр суммасы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Мамлекеттик байланыш агенттигине чегерүүлөр 594,3 млн. сомду түзгөн, бул өткөн жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине чегерүү көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсеге көп. Мындан тышкары, MegaCom уюлдук оператору лицензия үчүн 90 млн. сом төлөө менен 3G WCDMA/UMTS боюнча лицензиялык макулдашуу шарттарын аткарган.

2011-жылдын 6 айында MegaCom компаниясы 1 млрд. 28 млн. сом же 22 млн. АКШ доллары өлчөмүндө таза пайда алган, бул 2010-жылдын тиешелүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 290% жогору. Компаниянын жетекчилиги 2011-жылдын 12 айы үчүн таза пайда 40 млн. АКШ долларынан ашык болот деп күтүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы