Перейти на новый сайт

MegaCom менен вело-жүрүш

MegaCom менен вело-жүрүш

MegaCom компаниясы вело-сезондун ачылышына катышты.

Бул жылдын жаз айларынын алгачкы масштабдуу вело-жүрүшүнө катышуу үчүн 200гө жакын адам велосипедге отурду. ВДНХдан тартып «Ала-Арча» жаратылыш паркын жана кайра келүүгө 60 чакырым жер басып өтүү зарыл, ортосунда көңүлдүү пикник (түштөнүү) уюштурулат. Иш чарага MegaCom компаниясы демөөрчүлүк көрсөткөн.

Уюлдук оператордун башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмаз Абеков курамына кирген 40 кызматкери төрт саатка созулган бийик өрдү эки дөңгөлөктүү транспортто басып өтүүгө белсенди. Кыргызстан маунтинбайк Федерациясы негизги уюштуруучусу болгон вело-жүрүштө профессионалдар жана кызыгуучулар бирдей деңгээлде болушту, аны менен алар сергек жашоо мүнөзүн жана активдүү эс алууну пропагандалады.

“Убакытты мыкты өткөргөндүгү үчүн катышуучуларга жана парктын аймагына акысыз кирүүгө уруксат бергендиги үчүн “Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Серик Койчумановго ыраазычылык билдиргим келет”, - деп спорт жекшембисинин жыйынтыгын Алмаз Абеков чыгарды.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы