Перейти на новый сайт
2009-2010-жылдары MegaCom компаниясынын кирешеси 1,7 миллиард сомду түздү

2009-2010-жылдары MegaCom компаниясынын кирешеси 1,7 миллиард сомду түздү

«MegaCom компаниясынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы 2009-2010-жылдары 1 миллиард 754 миллион сомду түзгөн», - деген комментарийин «Альфа Телеком» ЖАКынын экономика жана каржы боюнча директорунун орун басары Алтынбек Аблабеков билдирди. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 2 млрд. 43 млн. сом өлчөмүндөгү «Альфа Телеком» ЖАКынын кирешеси мамлекеттин бюджетине которулуп берилиши керек деп билдирген эле.

А.Аблабековдун сөзү боюнча, каржы отчеттуулугун эл аралык стандарттары боюнча (IFRS) компаниянын алдын-ала бөлүштүрүлбөгөн пайдасы 2009-2010-жылдар үчүн 1 миллиард 754 миллион сомду түзөт. “Балким, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров салык алынуучу пайдага шилтеме жасап жатса керек. Мында, каржы отчеттуулугунун эл аралык стандарттары боюнча эсептелинип чыккан салык алынуучу пайда жана пайда ар дайым айырмаланып турат, анткени, чогуу алгандагы кирешелерди эсептеп чыгууда жана чыгашалар боюнча эсептен алып салуулардагы айырмачылык орун алган”, - деди А. Аблабеков.

Эсиңиздерге сала кетсек, мурда акционерлердин мүлктүк укуктарын сактоо үчүн «Альфа-Телеком» ЖАКы 2009-2010-жылдар үчүн 1,5 миллиард сом өлчөмүндөгү бөлүштүрүлбөгөн пайданы төлөп берүү өлчөмү жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипте дивиденддерди бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын атайы эсебине которулуп берилген.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы