Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы ардак грамотасына татыды

MegaCom компаниясы ардак грамотасына татыды

Кочкор райондук администрациясы жана депутаттардын райондук Кеңеши MegaCom компаниясына Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айылдык округуна базалык станцияны орноткондугу үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Жаңы станция: Кара-Мойнок, Дөң-Алыш, Кызыл-Дөбө жана Комсомол айылдарын үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылып турат. Ошентип, алыстан туруп баарлашуу кубанычы округдун болжол менен 7 миңге жакын жашоочусу үчүн жеткиликтүү болду.

«Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы жана Кочкор райондук депутаттар Кеңеши MegaCom компаниясынын бүтүндөй эмгек жамаатына бекем ден соолук, бакты-таалай, ишиңиздердеги ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалап, мындан аркы тыгыз кызматташтыкка ниеттенет», - деп белгиленген райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Р. Сарыбаевдин жана райондук Кеңештин төрагасы Э. Темирдин кол коюусу алдында келген кайрылууда.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы