Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясында аудит улантылат

MegaCom компаниясында аудит улантылат

Учурда «Альфа Телеком» ЖАКынын жетекчилиги тарабынан эл аралык алдынкы аудитордук компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Компания эң жакынкы аралыкта аудитти өткөрүүнү жандандырууга ниеттенүүдө.

Ernst & Young аудитордук фимрасынын MegaCom компаниясына жөнөткөн аудит жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу каты интернет мейкиндигинде талкууга алынганы маалым. Күнүмдүк иш катынын интернетте бурмалануу менен жарыяланышы, аталган эки компания үчүн терс көрүнүш болгон.

Бул жагдай дагы бир ирет MegaCom компаниясынын тегерегинде жагдайды катаалдаштырууга кызыкдар болгон тараптардын бар экендигин жана алар абалды терс жагынан көрсөтүү максатында бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жаткандыгын тастыктап турат. Бирок белгиленген жагдай компаниянын ишине эч кандай таасирин тийгизбейт.

“Биз KPMG жана Ernst & Young “Альфа Телеком” ЖАКына аудит жүргүзүүдөн баш тарткандыгына капа болдук, бирок мында эч кандай тынчсыздана турчу нерсе жок. Учурда MegaCom компаниясына көз артып, ар кандай билдирүүлөрдү таркаткан тараптар көп. Бирок бул иште акыркы чекитти сот гана коет”, - дейт “Альфа Телеком” компаниясынын экономика жана каржы боюнча башкы директордун орун басары Алтынбек Аблабеков.

Бүгүнкү күндө MegaCom өз абоненттерин кадимки ыргакта сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыз кылууну улантууда.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы