Перейти на новый сайт


«SIM-картаны каттоо»

MEGA компаниясынын сервистерин жана толук кызматын алуу үчүн номуруңузду каттодон өткөрүңүз жана абоненттик тейлөөгө келишим түзүңүз

SIM-карта жана абоненттик номурду каттоо

0.0 акысыз.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү

Персонификация же номурду каттоодон өткөрүү – абонент жана уюлдук компания ортосунда байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүү тартиби. 2014-жылдын 8-мартындагы «КРдин персонификация жөнүндөгү мыйзамына» ылайык бардык абоненттер номурларынын өчүрүлүшүн алдын алуу максатында 08.08.2015-ж. чейин милдеттүү түрдө каттоодон өтүүсү зарыл.

Номуруңуз каттоодон өткөндүгүн *112#чакыруу (акысыз) буйруусу терүү аркылуу текшерүүгө болот.

Персонификациянын артыкчылыктары:

  • Коопсуздук жана ишенимдүүлүк (каттоодон өтүү алдамчылыктан сактанууга шарт түзөт);
  • Телефонду жоготкон учурда номурду ыкчам калыбына келтирүү;
  • Чалуулардын деталдоосун алуу;
  • Номурга убактылуу бөгөт салуу («Тыным» кызматы);

Каттоодон өтүү тартиби акысыз жүргүзүлөт жана бул үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу жетиштүү:

  • MEGA’дан Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылуу;
  • Инсандыгын ырастаган документтин (паспорт (ID), айдоочунун күбөлүгү, бааргер күбөлүгү, аскер билети, кайрылмандын күбөлүгү) жана SIM-карта жанында болушу зарыл;
  • Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок жактар (ички же чет мамлекеттик паспорт, жашап туруу укугун берүүчү документ, качкындын күбөлүгү) үчүн инсандыгын ырастаган документтин жанында болушу зарыл;

Кошумча маалымат:

  • Персонификация тартибине өзгөрүүлөр киргизилген учурда абоненттер ММК жана компаниянын расмий сайты аркылуу маалымдалат;
  • Тейлөө келишимин 16 жаш курагына жеткен Кыргызстандын ар бир жараны менен түзүүгө болот. Аталган жаш курагына жете элек жарандар номурларын туугандары жана жакындары аркылуу каттоодон өткөрө алышат;
  • Келишимдин бир нускасы келишимдин аракет мөөнөтү аяктаганга/келишимдин аракети бузулганга чейин абонентте сакталат.

Кайрылмандын күбөлүгү кайрылман статусуна (тарыхый мекенине көчүп келген жак) ээ болгон жактарга берилет – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус. Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу Мамлекеттик орган тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк. Кайрылмандын күбөлүгү инсандыгын ырастаган документ болуп саналат.

SIM-карта жана абоненттик номурду каттоо

0.0
сом.


Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы