«5ти карма!»

«5ти карма!» тарифтик опциясы

«5ти карма!» тарифтик опциясы – бул 5 адамдан турган тайпаны түзүп, анын катышуучулары бири бирине телефон чалуулары мүнөтүнө 0,50 сом, ар бир SMS - 0,30 сомдон.

1. Тайпаны түзүү.

Тайпаны түзүү үчүн, болжолдонгон катышуучуларынын бири демилгечи катары чыгып, башка абоненттери анын тайпасына кошулуусуна чакыруу жөнөтүшү керек. Бул үчүн чакырылып жаткан ар бир абонентке USSD-буйругун жолдошу керек:

*125#1#055Xxxxxxx#, бул жерде xxxxxx – катышуучунун абоненттик номери

Тайпага кирерин билдирүү үчүн, абонент сурам келген учурдан тартып, 24 сааттын ичинде1, *125#1# буйругун жооп катары жөнөтүш керек, сунушту четке кагуу үчүн - *125#0# буйругу жөнөтүлөт.

2. Тайпа катышуучуларынын тизмеси

Тайпанын ар бир катышуучусу анын курамын *125# номери боюнча текшере алат

3. Тайпадан чыгуу.

Катышуучуну тайпадан чыгарып салуу үчүн демилгечи тайпадан чыгаргысы келген катышуучунун номери жазылган буйрукту терет2:

*125#0#055Xxxxxxx#, бул жерде xxxxxx – катышуучунун абоненттик номери

же тайпанын катышуучулары тайпадан өз алдынча чыгып кете алышат. Бул үчүн алар *125#0# буйругун териши керек

4. Тайпага катышуу шарттары

Кошуу наркы жана кызматты тарифтөө

Кошуу наркы
Тайпанын ар бир катышуучусунан 10 сом
Абоненттик төлөм суткасына (ар бир катышуучудан)
2 катышуучу 5 сом
3 катышуучу 4,5 сом
4 катышуучу 4 сом
5 катышуучу 3,5 сом
Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү

Эскертүү: Ар бир катышуучу бир эле учурда бир гана тайпанын курамына кире алат.

«Сүйүктүү номер» тарифтик опциясы тайпа ичиндеги абоненттердин номерлерине тийешелүү болбойт. 2-жана 3-номерлерине абоненттик төлөм эсептелинбеши үчүн «Сүйүктүү номер» тарифтик опциясын өчүрүп салуу керек.

Көңүл бургула! Даректи жаңыртуу кызматы «5ти карма!» опциясында иштебейт жана тандалган тарифтик планга жараша тарифтелинет.

 

1 Эгер абонент 24 сааттын ичинде сурамга жооп бербесе, сурам жоюлат.
2 Акыркы катышуучу тайпадан чыгарылгандан кийин тайпа жоюлат