«Чалуулар жана SMS чектөө» кызматы
«Чалуулар жана SMS чектөө» кызматы телефон менен башка адамдар пайдалнса же бир эсепте бир нече абонент болсо, байланышка кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга жардам берет. Сиз телефонуңуздун менюсунан чалууларга жана SMS тыюу салып же чалуулардын жана SMS санын чектетип койсоңуз болот.
Кызматтан MegaCom түйүнүнүн бардык коммерциялык абоненттери пайдалана алат жана ал 2009-жылдын 31-майына чейин алдын ала коштурулган.
«Чалуулар жана SMS чектөө» кызматын пайдалануу үчүн пароль – 0000.
Паролду алмаштыруу
Паролду алмаштыруу үчүн телефондун менюсуна кирип жаңы паролду киргизүү керек же болбосо: **03**эски пароль*жаңы пароль*жаңы пароль#чакыруу универсалдуу комбинациясын колдонсоңуз болот.
Чалуулар жана SMS чектөөнү башкаруу
Атайын буйруктардын же телефондун менюсу аркылуу төмөнкү чалуулар жана SMS чектеп же аны өчүрүп коюга болот:
|
Чалуулар жана SMS чектөөнүн түрү |
Орнотуу |
Жоюу |
| Бардык чыккан чалуулар жана SMS чектөө | *33*пароль# | #33*пароль# |
| Өзүнүн өлкөсүнөн тышкары роумингде бардык чыккан чалуулар жана SMS чектөө | *332*пароль# | #332*пароль# |
| Бардык кирген чалуулар жана SMS чектөө | *35*пароль# | #35*пароль# |
| Роумингде бардык чыккан чалуулар жана SMS чектөө | *351*пароль# | #351*пароль# |
Чалуулар жана SMS чектөөнү текщерүү үчүн *#чектөө кызматынын коду#чакыруу терүү керек
Тыюулар жана SMS алып салуу үчүн #чектөө кызматынын коду*пароль#чакыруу буйругун терүү керек
Белгилүү бир түрдөгү чалууларды чектөө
Белгилүү бир түрдөгү кирген жана (же) чыккан чалууларды чектөө салып койсо болот.
Чалууларды чектөө тартибин жандыруу үчүн төмөнкү буйрукту терүү керек: *чектөө кызматынын коду*пароль*чакыруунун түрү#чакыруу,
Булл жерде чектөө кызматынын коду деген жерге жогоруда саналып өткөн коддордун бирин жазасыз: (33, 332, 35, 351), ал эми чакыруунун түрү деген жерге:
- 10 – үн чалуусу, факс жана SMS жөнөтүү
- 11 – үн чалуусу
- 12 – факс жана SMS жөнөтүү
- 13 – факс жөнөтүү
Чалууларды чектөө кызматын өчүрүү үчүн буларды териңиз: #чектөө кызматынын коду*пароль*чакыруунун түрү#чакыруу
Кызматтын абалын текшерүү үчүн буларды териңиз: *#чектөө кызматынын коду*пароль*чакыруунун түрү#чакыруу
Эскертүү: Бир эле учурда бир кирген жана бир чыккан чалууга гана тыюу салынат. Жаңы тыюу салууларды орнотуу мурунку тыюу салууларды жокко чыгарат.
Көңүл бургула! Абонент даректи алмаштыруу кызматын иштеткен болсо (ошондой эле үн почтасын) же үн чалууларында «Чалуулар жана SMS чектөө» кызматы иштебейт же тескерисинче, абонент «Чалуулар жана SMS чектөө» кызматын иштетекен болсо, даректи алмаштыруу кызматы иштебейт.