«Сенин номериң» кызматы
«Сенин номериң» кызматы абонентке 055Х (0-8) кодунда өзүнө каалаган номерди тандап алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн тейлөө борборуна кайрылып отурбастан, кыска USSD-буйрукту терүү аркылуу калаган номерди тандаса болот.
Кызматтан жеке алдын ала төлөнүүчү тарифтик пландарынын абоненттери пайдалана алышат.
Номерди тандоо үчүн төмөнкү буйрук терилет (суткасына 3 ийгиликтүү сурам жөнөтсө болот):
*250#055Ххххххх# чакыруу
Номерди алмаштыруу үчүн абонент төмөнкү буйрукту териши керек:
*250#1#055Ххххххх# чакыруу
Номерин алмаштыргандан кийин абонент 24 сааттын ичинде өзүнүн эски номерин кайтара алат. Ал үчүн бул буйрукту терүү керек: *250#0# чакыруу
Номерлерди алмаштыруунун ортосундагы интервал 24 саат, башкача айтканда, номер ийгиликтүү алмаштырылгандан кийин абонент 24 сааттын ичинде сервистен пайдалана албайт.
Абонент өзүнүн номеринде бул кызматтан пайдаланууну өчүрүп кое алат, ал үчүн төмөнкү буйрукту терүү керек: *250#00# чакыруу. Кызматтан пайдаланууну кайтадан жаңырткысы келген абонент MegaComкомпаниясынын абоненттерди тейлөө борборуна кайрылуусу керек.
Баасы:
Номерди алмаштыруу, салыктардын бардыгын эсепке алуу менен 25 сомду түзөт.
Эскертүү:
Номерди биринчи жолу алмаштыруу АКЫСЫЗ.
VIP-категориясындагы номерлер үчүн кошумча төлөм алынат.
VIP-категориясындагы 055X код (X ордуна 0-8 га чейинки сандар) номерлердин баасы салыктардын бардыгын эсепке алуу менен бирге: «күмүш» - 300 сом, «алтын» - 3000 сом, «платина» - 7500 сомду түзөт.
Номерди VIP-категориясындагы номерге алмаштырууда баланста жеткиликтуу сумма болуусу зарыл.
Номерди биринчи жолу алмаштырууда өчүрүү чеги – 0,00 сом