«Ким чалды?» кызматы

«Ким чалды?» кызматы

Кызматтын жардамы менен Сиз:

  • Сиздин телефон өчүрүлгөн же түйүн иштебеген жерде болсоңуз, сизге чалгандар тууралуу маалымат ала аласыз;
  • Сизге чала албай жаткан абоненттерге Сиз кайра байланышка чыккандыгыңыз тууралуу автоматтык түрдө маалымат бере аласыз ( опция MegaCom түйүнүндө гана иштейт).

Сизге чалган абоненттердин телефон номерлери жанан чалган убакыты жөнүндө маалымат Сиз мобилдик телефонуңузду күйгүзгөндө же Сиз түйүн иштеген аймакка келгенде SMS-билдирүү аркылуу маалымадалат.

Жооп берилбеген чалуулар тууралуу маалымдамада сизге Кыргыз Республикасынын каалаган номеринен чалган абоненттер тууралуу маалымат аласыз.

Персоналдаштыруу

Телефонуңуз өчүрүлгөн же сиз түйүн иштебеген аймакта жүргөн учурда сизге чалгандар болсо, ал тууралуу билдирүүнү сизге чалган абоненттин номеринен аласыз.

Эгер абоненттин номери сиздин телефондо жазылган болсо, жиберүүчү деген жерден анын аты-жөнүн көрөсүз. Эми сизге ким чалды болду экен деп ойлонбойсуз.

Так эле ошондой, сиз мурда чалып сүйлөшө албай койгон абонент кайра байланышка чыккан учурда, сиз ал тууралуу ошол абоненттин атынан билдирүү аласыз.

Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу билдирүүлөр сиз тандаган төрт тилдин биринде келет (кыргыз, орус, өзбек, англис).

Кызматты башкаруу

SMS аркылуу «Ким чалды?» кызматын башкаруу:

Кызматты башкаруу 200 акысыз сервистик номерине жөнөтүлгөн SMS-буйруктар аркылуу жүргүзүлөт.

Жооп берилбеген чалуулар тууралуу билдирүүлөрдү алуудан баш тартуу үчүн бул буйрукту жөнөтүү керек: 1
Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу билдирүүлөрдү алууга уруксат берүү үчүн төмөнкү буйрук жөнөтүлөт: 2
Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымат жөнөтүүнү өчүрүү үчүн бул буйрукту теришиңиз керек: 3
Сизге телефон чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымат жөнөтүүнү иштетүү үчүн төмөнкү буйрук терилет: 4
Сизге чалган абоненттер тууралуу автоматтык маалымдоону өчүрүү үчүн: 5
Сизге чалган абоненттер тууралуу автоматтык маалымдоону иштетүү үчүн: 6
Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу маалымдоонун персоналдаштыруу режимин иштетүү үчүн: 7
Баштапкы режимге кайрылуу үчүн («Ким чалды?» келген билдирүүлөрүндө сизге чалган бир же бир нече абоненттеринин номери): 0
Кызматтын абалын билүү үчүн: 8

Кызмат тууралуу кыскача маалымат алуу үчүн бош билдирүү жөнөтүш керек.

USSD-сурам аркылуу «Ким чалды?» кызматын башкаруу:

Жооп берилбеген чалуулар жөнүндө билдирүүлөрдөн баш тартуу үчүн: *200#1#
Жооп берилбей калган чалуулар жөнүндө билдирүү алууга уруксат берүү үчүн: *200#2#
Сизге чалган абоненттерди автоматтык түрдө маалымдоону өчүрүү үчүн: *200#3#
Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымдоо жөнөтүүнү иштетүү үчүн: *200#4#
Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону өчүрүү үчүн: *200#5#
Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону иштетүү үчүн: *200#6#
Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу маалымдоону персоналдаштыруу режимин иштетүү үчүн: *200#7#
Баштапкы режимге кайрылуу үчүн («Ким чалды?» келген билдирүүлөрүндө сизге чалган бир же бир нече абоненттеринин номери): *200#0#
Кызматтын абалын билүү үчүн: *200#8#
Кызмат тууралуу кыскача маалымат алуу үчүн бош билдирүү жөнөтүш керек: *200#

Сиз телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда кызматтан пайдалансаңыз кее бир уюлдук телефондордун дисплейинде даректи алмаштыруу иштетилгендиги жөнүндө маалымдоочи белги пайда болушу мүмкүн:

Көңүл бургула! Даректи алмаштыруу бар (Note: You have active diverts)

Көңүл бургула! «Ким чалды?» кызматы сөзсүз даректи алмаштыруу же болбосо жооп берилбесе даректи алмаштыруу активдештирилбеген болсо гана иштейт. Сиз кайсы бир телефондук номерге даректи алмаштырууну койсоңуз «Ким чалды?» кызматы иштебейт (дарегин өзүнүн Үн почтасына алмаштыруудан башкасы). Кызматты иштетүү үчүн Сиз мурда койгон даректи алмаштыруу кызматын өчүрүшүңүз керек.

«Ким чалды?» кызматынан баш тартуу үчүн SMS же USSD сурам аркылуу 1, 3, 5 буйруктарынан пайдалансаңыз болот.

Кызматтын наркы

Кызмат абоненттик төлөмсүз жана кошуу үчүн төлөмсүз көрсөтүлөт.

«Ким чалды?» кызматын башкаруу

200 номерине SMS аркылуу буйруктардын номери USSD аркылуу буйруктардын номерлери Кызматты башкаруу
0 *200#0# Стандарттык режимди тандоо*
1 *200#1# Жооп берилбеген чалуулар тууралуу билдирүү алуудан баш тартуу
2 *200#2# Жооп берилбей калган чалуулар жөнүндө билдирүү алууга уруксат берүү
3 *200#3# Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымат жөнөтүүнү өчүрүү
4 *200#4# Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымдоо жөнөтүүнү иштетүү
5 *200#5# Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону өчүрүү
6 *200#6# Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону иштетүү
7 *200#7# Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу маалымдоону персоналдаштыруу режимин иштетүү
8 *200#8# Кызматтын абалы
Бош билдирүү Кызмат жөнүндө кыскача маалымат алуу
*200# Кызмат жөнүндө кыскача маалымат алуу

* Стандарттык режимде:
Жооп берилбеген чалуулар тууралуу билдирүү алуу - кошулган.
Сизге чалган абоненттерден автоматтык маалымдоо - кошулган.
Сизге чалган абоненттерди автоматтык түрдө маалымдоо - өчүрүлгөн.

Кызмат абоненттерге стандарттык режимде кошулат.

Тиркеме.

A абонентинде чалып жаткан абоненттерден автоматтык маалымдоо иштетилген.
B абонентинде сизге чалган абоненттерди автоматтык маалымдоо иштетилген.
B абонентинин уюлдук телефону өчүрүлгөн. А абоненти B абонентине телефон чалат. В абоненти телефонун күйгүзгөндөн кийин A абонентине В абоненти байланышка чыккандыгы жөнүндө SMS билдирүү ЖӨНӨТҮЛБӨЙТ.