WAP жана MMS

WAP жана MMS

Көңүл бургула! MMS билдирүүлөрүн MegaCom түйүнү ичинде жана Орусия MegaFon операторунун номерлерине жөнөтүүгө болот. 

WAP жана MMS деген эмне?

WAP (Wireless Application Protocol) – бул технология мобилдик телефонуңуздун экранынан Интернет (wар-сайттар) тармагынан алынган маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул технология менен дээрлик баардык уюлдук телефондор иштей берет.

WAP-сайттар Интернет-баракчаларына окшош. Адатта, алар шилтемелердин системасы түрүндө жасалган, Сиз аны ачып, өзүңүзгө керектүү болгон ар түрдүү темадагы маалыматты ала аласыз. Бул үчүн Сизге уюлдук телефондон башка эч кандай кошумча түзүлмөлөрдүн кереги жок. WAP-сайттарга маалыматтарды жиберүүчү кадимки канал (CSD), ошондой эле GPRS аркылуу кирсе болот.

WAP-сайттар бул:

    • спорт, аба ырайы, валюта курсу жөнүндө пайдалуу маалыматтар
    • кинотеатрлардын афишалары
    • кызыктуу адамдар менен маек куруу
    • сиздин телефонуңузга күлкүмүштүү каттар, обондор, оюндар
    • электрондук почтага кирүү мүмкүнчүлүгү

MMS (Multimedia Messaging Service) – бул уюлдук тармактын жардамы менен сүрөттөрдү, фото сүрөттөрдү, видео, обондорду жиберүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү кызмат.

WAP-GPRS жана MMS кызматтарын кантип тууралоо керек

Сиздин телефондон WAP тууралоо

WAP жана MMS кызматтары бөлөк туураланат.

Телефонду  WAP кызматынан пайдалануу үчүн төмөнкүдөй жолдор менен туураласа балат: 

    1. sms аркылуу автоматтык түрдө тууралоо:

      WAP-GPRS тууралоону алуу үчүн wap деген сөздү жазып 321 номерине бекер SMS билдирүү жибериңиз, жообуна тууралоолордун ыкмалары көрсөтүлгөн SMS билдирүү келет. Алынган wap тууралоолорду телефондун эсинде сактап калуу үчүн «ооба/yes» деген жазууну басыңыз.

    2. wар-сайты аркылуу автоматтык түрдө тууралоо: автоматическая настройка через web-сайт:

      «Автоматтык түрдө тууралоо» шилтемесине кирип телефонуңуздун маркасын, андан соң моделин тандаңыз. Андан ары керектүү болгон тууралоонун түрүн (wap) көрсөтүп, MegaCom тармагындагы өзүңүздүн телефон номериңизди киргизип, «жөнөтүү» кнопкасын басыңыз. Көп өтпөй Сиз телефонуңузга кошулуу параметрлери көрсөтүлгөн SMS аласыз, аны телефондун эсинде сактап коюшуңуз керек.

      * Телефондордун кээ бир түрлөрү маалыматты сактоо үчүн пин-кодду талап кылат. Пин-код: 1111 (Сиздин SIM картаңыздын PIN коду эмес)

    3. өз алдынча тууралоо

      өз алдынча тууралоодо WAP-GPRS үчүн пайдалануучу параметрлер:

      • Профилдин аталышы/Profile name: Wap-mega
      • Баштапкы бети/ Homepage: wap.megacom.kg
      • APN: (кирүү жеринин аталышы) wap
      • Проксинин дареги/ Proxy address: 10.230.3.18
      • Port: 9201 (8080) (телефондун моделине жараша)

      Кээде үч сандуу IP талап кылат: 010.230.003.018

      Бул маалыматтарды киргизгенден кийин телефонуңузду өчүрүп кайра иштетүүнү сунуш кылабыз.

Сиздин телефондон MMS тууралоо

MMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу үчүн телефонду төмөнкү ыкмалардын бирин колдонуп туураласа болот: 

    1. sms аркылуу автоматтык түрдө тууралоо:

      MMS тууралоону алуу үчүн mms деген сөздү жазып 321 номерине бекер SMS билдирүү жибериңиз, жообуна тууралоолордун ыкмалары көрсөтүлгөн SMS билдирүү келет. Алынган MMS тууралоолорду телефондун эсинде сактап калуу үчүн «ооба/yes» деген жазууну басыңыз.

    2. wар-сайты аркылуу автоматтык түрдө тууралоо:

      «Автоматтык түрдө тууралоо» шилтемесине кирип телефонуңуздун маркасын, андан соң моделин тандаңыз. Андан ары керектүү болгон тууралоонун түрүн (wap) көрсөтүп, MegaCom тармагындагы өзүңүздүн телефон номериңизди киргизип, «жөнөтүү» кнопкасын басыңыз. Көп өтпөй Сиз телефонуңузга кошулуу параметрлери көрсөтүлгөн SMS аласыз, аны телефондун эсинде сактап коюшуңуз керек.

      * Телефондордун кээ бир түрлөрү маалыматты сактоо үчүн пин-кодду талап кылат. Пин-код: 1111 (Сиздин SIM картаңыздын PIN коду эмес)

    3. өз алдынча тууралоо

      өз алдынча тууралоодо WAP-GPRS үчүн пайдалануучу параметрлер:

      • Баштапкы бети http://10.230.3.19:8002
      • APN: (кирүү жеринин аталышы) - mms
      • GPRS - маалымат каналы
      • Прокси сервердин дареги - 10.230.3.18
      • Порт: 8080 же 9201 (телефондун моделине жараша)

      Кээде үч сандан турган IP жазууга туура келет: 010.230.003.018

      Бул маалыматтарды киргизгенден кийин телефонуңузду өчүрүп кайра иштетүүнү сунуш кылабыз.

WAP жана MMS кызматтарын тарифтөө
WAPжана MMS кызматтарын кошуу наркы АКЫСЫЗ
Абоненттик төлөм, айына АКЫСЫЗ

Кызматтын наркы 23:00:01 – 06:59:59 07:00 – 22:59:59
WAP-трафик1, Mb үчүн 17,67 сом 35,34 сом
Чыккан MMS2, бир билдирүү үчүн (MegaCom, MegaFon, ЖЧК Sky Mobile)

5,89 сом

Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү

1 wap трафигинин бир кадамдык тарифтөөсү – 10 кб. (көбөйгөн сайын жалпыланып турат)

2 Кирген MMS-билдирүүлөрү акысыз. MMS билдирүүлөрүн алууда/жөнөтүүдө GPRS трафиги тарифтелинбейт. Сунуш кылынган MMS көлөмү – 100 кб чейин. Мүмкүн болгон көлөмү – 600 кб чейин

Эскертүү:

Тууралоолор MegaCom түйүнүндө гана иштейт.

GPRS-роумингде жүргөндө тийешелүү тууралоолорду орнотуу керек.

Өчүрүү чеги - 0,00 сом