SMS2ICQ жана ICQ2SMS кызматтары
SMS2ICQ жана ICQ2SMS кызматтары MegaCom түйүнүнүн абонентине мобилдик телефонунун жардамы менен ICQ же QIP интернет-месенджер пайдалануучулары менен кыска тексттик билдирүүлөрү менен алмаша алат.
Кызматтан бардык коммерциялык ТП абоненттери пайдалана алат (жеке жана корпоративдик).
Кызматтан пайдалануу алгоритми:
1. MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн.
ICQ-га SMS жөнөтүү үчүн билдирүүнүн өзүндө адресаттын ICQ номерин терип, бош орун калтыргандан кийин билдирүүнүн текстин терүү керек.
Мисалы:
ХХХХХХХХХ Салам!
Бул жерде, ХХХХХХХХХ – ICQ номери
333 кыска номерине SMS жөнөтүү
Эскертүү!
-
Эгер ICQ номерин кошкондо тексттин узундугу 160 символдон ашып түшсө, телефон аны автоматтык түрдө бир нече SMS-ке бөлөт да, ар бир жөнөнтүлгөн билдирүүгө төлөнөт. Адресат SMS-ти транслитерацияда алат.
2. ICQ пайдалануучулары үчүн.
MegaCom түйүнүнүн абонентине SMS 478-261-996 ICQ номеринен жөнөтүлөт, Ник: MegaComICQ (авторизациянын кереги жок). Абоненттин номерин 996555ХХХХХХ же 996550ХХХХХХ форматтарында терүү керек. Жаңы саптан – билдирүүнүн тексти.
MegaCom түйүнүнүн абонентине SMS жөнөтүү үчүн:
- Абонент өзүнүн ICQ эсеп жазылуусунда катталып;
- “Пайдалануучуларды табуу/кошуу” кнопкасын басып;
- ICQ боюнча 478261996 табуу керек, бул MegaComICQ пайдалануучусу болот;
- Жаңы контактыны өзүнүн контактылар тизмесине кошуп;
- MegaComICQ билдирүүлөр терезечесин ачып;
- Билдирүүлөрдү жөнөтүүчү жерге абоненттин номерин 996555ХХХХХХ же 996550ХХХХХХ форматында терүү керек. Бош орун калтырып билдирүүнүн тексти терилет.
Билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин сервистен төмөнкүдөй билдирүү келет: Soobshchenie prinyato k otpravke
Мисалы:
Жөнөтүү: 996555ХХХХХХ
Салам!Кабылдоо: (ICQ:ХХХХХХХХХ) Salam!
Эскертүү.
-
Жөнөнтүлүп жаткан тексттин узундугу латиница менен жана ICQ номерин кошкондо 160 символдон ашпашы шарт. Абонент SMS-ти транслитерацияда алат.
-
Бир ICQ номеринен күнүнө 10 билдирүү жөнөнтөс болот.
-
ICQ-нун пайдалануучулары үчүн кызмат акысыз.
«SMS2ICQ жана ICQ2SMS» программаларын башкаруу командалары
| Команда | Сүрөттөлүшү |
| *427#1# | Кызмат көрсөтүүнү кошуу |
| *427#0# | Кызмат көрсөтүүнү өчүрүү |
| *427# | Кызмат көрсөтүү статусун текшерүү |
MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн кызматты коштуруу шарттары жана тарифтөөm
| Катталган төлөмдөр | |
|---|---|
| Кошуу үчүн төлөм | 0,00 сом |
| Абоненттик төлөм, айына | 0,00 сом |
| Башка төлөмдөр | |
| ICQ пайдалануучусунун номерине бир SMS жөнөтүү | 1,52 сом |
| Мобилдик телефонго бир SMS алуу | 0,00 сом |