SMS2E-MAIL жана E-MAIL2SMS кызматтары

SMS2E-MAIL жана E-MAIL2SMS кызматтары

SMS2E-MAIL жана E-MAIL2SMS кызматтары MegaCom түйүнүнүн абоненттери менен электрондук почтанын колдонуучуларын кыска тексттик билдирүүлөрү менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Кызматтан коммерциялык ТП абоненттери пайдалана алат (жеке жана корпоративдик).

Кызматты колдонуу алгоритми:

1. MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн.

E-MAILге SMS жөнөтүү үчүн текстти терүүчү жерге электрондук почтанын дарегин терип, бош орун калтыргандан кийин текстти териш керек.

SMS-ти 222 кыска номерине жөнөтүү.

Мисалы:

xxxxxxxx@mail.ru Салам!
Бул жерде  xxxxxxxx@mail.ru – эл. почтанын дареги

 

Тиркеме!

Эгер эл. почтанын дарегин кошкондо тексттин узундугу 160 символдон ашып кетсе телефон аны автоматтык түрдө бир нече SMS-ке бөлүп, жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн санына жараша төлөнөт. Кабыл алуучуга SMS-тер транслитерацияда жеткирилет.

2. Электрондук почтанын пайдалануучулары үчүн.

MegaCom түйүнүнүн абонентине SMS 996555ХХХХХХ@sms.megacom.kg же 996550ХХХХХХ@sms.megacom.kg электрондук почта дарегинен жөнөтүлөт. Бул жерде ХХХХХХ – абоненттин мобилдик телефонунун номери.

Мисалы:

Жөнөтүү: 996555ХХХХХХ@sms.megacom.kg Салам!

Кабылдоо: (Е-MAIL: xxxxxxxx@mail.ru) Salam!

 Тиркеме.

  1. MegaCom түйүнүнүн абоненти SMS-ти транслитерацияда алат, жөнөтүүчүнүн дарегин кошкондо тексттин узундугу 160 символ. 160 символдон ашкан билдирүүлөр кыскартылган түрдө жеткирилет.
  2. Бир электрондук почта дарегинен күнүнө 10 билдирүүдөн ашуун жөнөтсө болбойт Бир эле билдирүү бир нече абонентке жөнөтүлгөн учурда (жөнөтмө), ар бирине өзүнчө жөнөтүлдү деп эсептелинет.
  3. Е-mailден билдирүү жөнөткөндөр үчүн кызмат акысыз.

 

E-MAIL2SMS кызмат көрсөтүүсү боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн абонент төмөнкү команданы терүүгө тийиш:

*767#1#чакыруу – e-mail почтасынан билдирүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүнө кошулуу

E-MAIL2SMS кызмат көрсөтүүсү боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуудан баш тартуу үчүн абонент төмөнкү команданы терүүгө тийиш:

*767#0#вызов – e-mail почтасынан билдирүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүнө тыюу салуу

*767# – кызмат көрсөтүүнүн абалына текшерүү.

Эскертүү: E-MAIL2SMS кызмат көрсөтүүсүнүн кандай гана статусу болбосун абонент E-MAIL2SMS кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалана алат (кызмат жагдайга жара абонентке кошулган).

 

MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн кызматты кошуу шарттары жана тарифтөө 

Катталган төлөмдөр
Кошуу үчүн төлөм 0,00 сом
Абоненттик төлөм, айына 0,00 сом
Башка төлөмдөр
Электрондук почтага бир SMS жөнөтүү 1,52 сом
Мобилдик телефонго бир SMS алуу 0,00 сом

Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү