«Сиздин мобилдик эсебиңиз» кызматы

«Сиздин мобилдик эсебиңиз» кызматы абонентке өзүнүн эсебинин деталдаштыруусун e-mail дарегине заказ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Кызматтан жеке тарифтик пландарынын абоненттери пайдалана алат.

Эсептин деталдаштыруусун алуу үчүн e-mail-ди каттоо үчүн 130 номерине name@domen форматындагы SMS жөнөтүү керек. 130 номерине SMS-билдирүүсүн жөнөтүүнүн басы, салыктардын бардыгын эсепке алуу менен 1,52 сом.

Эсеп жетикирлүүчү e-mail дарегин алмаштыруу үчүн аны дагы бир ирет жөнөтүү керек. Дарек ийгиликтүү катталгандан кийин ай сайын ошол дарекке эсептердин деталдаштыруусу келип турат.

Эсепти e-mail дарегине алгыңыз келбесе төмөнкү буйрукту териңиз: *130#0#.

Эсепти e-mail дарегине алууну кайтадан жаңырткыңыз келсе төмөнкү буйрукту териңиз: *130#1#.

Кызматтын абалын текшерүү үчүн төмөнкү буйрукту териңиз: *130#.

Эсепти e-mail дарегине алгандан кийин абонент тийешелүү SMS-маалымдама алат.

Маалыматтардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн эсепти карап чыгуу үчүн пароль киргизилген. Паролду билүү үчүн абонент өзүнүн уюлдук номеринен *130#9# буйругун терип, дарегине келүүчү эсептердин деталдаштыруусунун паролун билсе болот.

Абонент эсептин деталдаштыруусун кайталап ала алат (кызмат акылуу):

*130#1#1# - өткөн айдын эсеби

*130#1#0# - өткөн 2 айдын эсеби

Эсепти кайталап алуу наркы, салыктардын бардыгын эсепке алуу менен 10 сом.

Өткөн айлардын эсебин Абонеттерди тейлөө борборлоруна кайрылып алсаңыз болот, жаныңызда эсеп алынып жаткан учурда аракеттенип жаткан келишим болушу шарт.