«Мобилдик которуу» кызматы
«Мобилдик которуу» кызматы абонентке өзүнүн эсебинен MegaCom түйүнүнүн башка абонентинин эсебине акча которууга мүмкүнчүлүк берет.
Кызматтан алды ала төлөнүүчү жеке коммерциялык тарифтик пландарынын абоненттери пайдала алат (алдын ала эсептөө системасындагы жеке тарифтик пландарынын абоненттери).
MegaCom түйүнүнүн абонентинин эсебине акча которуу үчүн төмөнкү буйрукту терүү керек:
*550#1#055Ххххххх#которулуучу сумма#чакыруу
Акча которулгандан кийин абонент төлөмдүн коду берилген SMS-маалымдама алат.
24 сааттын ичинде которулган төлөмдү токтотуп коюуга болот (абонент которулган сумманы корото элек болсо):
*550#0#төлөмдүн коду#чакыруу
Өзүңүздүн телефонуңуздан «Мобилдик которуу» кызматын жаап салгыңыз келсе төмөнкү буйрукту териңиз:
*550#00#чакыруу
«Мобилдик которуу» кызматын кайтадан жаңырткыңыз келсе Кардарларды колдоо кызматына же Абоненттерди тейлөө борборуна кайрылууңуз керек.
Мобилдик которуу кызмтынан пайдалангандыгыңыз үчүн которуунун жалпы суммасынан 2% өлчөмүндөгү комиссия алынат (комиссияны акча которуп жаткан абонент өзүнүн эсебинен төлөйт).
Абонентке сиздин эсебиңизди толуктап берүү өтүнүчүн жөнөткүңүз келсе «Менин эсебимди толукта» сурамы иштейт. Аны жөнөтүү үчүн төмөнкө буйрукту терүү керек:
*550#0#055Ххххххх#чакыруу,
бул жерде 055Ххххххх – сураныч менен кайрылып жаткан абоненттин номери.
Белгилүү бир өлчөмдөгү акча сурагыңыз келсе, төмөнкү буйрукту терүү керек:
*550#0#055Ххххххх#толуктоо суммасы#чакыруу
«Менин эсебимди толукта» кызматынан күнүнө 10 жолудан көп эмес пайдаланса болот.
Кызматты башкаруу:
*550#0#чакыруу – «Менин эсебимди толукта» сурамынан баш тартуу
*550#1#чакыруу – «Менин эсебимди толукта» сурамын кабыл алууну жаңыртуу
*550#чакыруу – «Менин эсебимди толукта» сурамынын абалын текшерүү
Акча которууда төмөнкүдөй эрежелер бар:
| Суткасына которуунун эң чоң суммасы |
800 сом |
| Суткасына которуунун эң аз суммасы |
30 сом |
| Которуудан кийин жеке эсепте калуучу эң аз сумма |
100 сом |
| Которууну алгандан кийин эсепте калуучу эң көп сумма |
1000 сомов |
| Суткасына которуунун эң көп саны |
5 раз |
| Суткасына бир жолку которуунун эң көп суммасы |
300 сомов |
| Которуулардын ортосундагы эң аз интервал |
30 минут |
| Баштапкы баланска кирген сумманы которууга болбойт | |
| Абонент алган сумманы 24 сааттын ичинде башка бирөөгө которо албайт | |
| Которуу суммасы 10го бөлүнүшү керек (мисалы, 30, 40, 100, 120, 150, 170 ж.б.) |
Көңүл бургула! Которууга өтүнмө жөнөтүп жатып абонент кызматты көрсөтүүнүн шарттарына макулдугун берет.
MegaCom компаниясы мисалы, «Мобилдик которуу» кызматынан пайдаланып жатып маалыматтарды туура эмес киргизип алгандыгы үчүн жоопкерчиликти мойнуна албайт.