3G видеочалуу

SMS2ICQ жана ICQ2SMS кызматтары

SMS2ICQ жана ICQ2SMS кызматтары MegaCom түйүнүнүн абонентине мобилдик телефонунун жардамы менен ICQ же QIP интернет-месенджер пайдалануучулары менен кыска тексттик билдирүүлөрү менен алмаша алат.

Кызматтан бардык коммерциялык ТП абоненттери пайдалана алат (жеке жана корпоративдик).

Кызматтан пайдалануу алгоритми:

1. MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн.

ICQ-га SMS жөнөтүү үчүн билдирүүнүн өзүндө адресаттын ICQ номерин терип, бош орун калтыргандан кийин билдирүүнүн текстин терүү керек.

Мисалы:

ХХХХХХХХХ Салам!
Бул жерде, ХХХХХХХХХ – ICQ номери

333 кыска номерине SMS жөнөтүү

 

Эскертүү!

  1. Эгер ICQ номерин кошкондо тексттин узундугу 160 символдон ашып түшсө, телефон аны автоматтык түрдө бир нече SMS-ке бөлөт да, ар бир жөнөнтүлгөн билдирүүгө төлөнөт. Адресат SMS-ти транслитерацияда алат.

2. ICQ пайдалануучулары үчүн.

MegaCom түйүнүнүн абонентине SMS 478-261-996 ICQ номеринен жөнөтүлөт, Ник: MegaComICQ (авторизациянын кереги жок). Абоненттин номерин 996555ХХХХХХ же 996550ХХХХХХ форматтарында терүү керек. Жаңы саптан – билдирүүнүн тексти.

MegaCom түйүнүнүн абонентине SMS жөнөтүү үчүн:

  1. Абонент өзүнүн ICQ эсеп жазылуусунда катталып;
  2. “Пайдалануучуларды табуу/кошуу” кнопкасын басып;
  3. ICQ боюнча 478261996 табуу керек, бул MegaComICQ пайдалануучусу болот;
  4. Жаңы контактыны өзүнүн контактылар тизмесине кошуп;
  5. MegaComICQ билдирүүлөр терезечесин ачып;
  6. Билдирүүлөрдү жөнөтүүчү жерге абоненттин номерин 996555ХХХХХХ же 996550ХХХХХХ форматында терүү керек. Бош орун калтырып билдирүүнүн тексти терилет.

Билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин сервистен төмөнкүдөй билдирүү келет: Soobshchenie prinyato k otpravke

 

Мисалы:

Жөнөтүү: 996555ХХХХХХ
                   Салам!

Кабылдоо: (ICQ:ХХХХХХХХХ) Salam!

 

Эскертүү.

  1. Жөнөнтүлүп жаткан тексттин узундугу латиница менен жана ICQ номерин кошкондо 160 символдон ашпашы шарт. Абонент SMS-ти транслитерацияда алат.
  2. Бир ICQ номеринен күнүнө 10 билдирүү жөнөнтөс болот.
  3. ICQ-нун пайдалануучулары үчүн кызмат акысыз.

 

 

«SMS2ICQ жана ICQ2SMS» программаларын башкаруу командалары

Команда Сүрөттөлүшү
*427#1# Кызмат көрсөтүүнү кошуу
*427#0# Кызмат көрсөтүүнү өчүрүү
*427# Кызмат көрсөтүү статусун текшерүү

MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн кызматты коштуруу шарттары жана тарифтөөm 

Катталган төлөмдөр
Кошуу үчүн төлөм 0,00 сом
Абоненттик төлөм, айына 0,00 сом
Башка төлөмдөр
ICQ пайдалануучусунун номерине бир SMS жөнөтүү 1,52 сом
Мобилдик телефонго бир SMS алуу 0,00 сом


 

Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү