+996 555 50 00 00
Пайдалануучунун колдонмосу
MegaComдун USB-модемин тандап алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
MegaCom мобилдик интернети менен аралыкты кыскартып жана дүйнө жүзү менен байланышуу андан да оңой болуп калды!
Бул нускама Сизге USB-модемди пайдаланууда жардам берет.
USB-модем тууралуу маалымат
USB-модемдин модели: HUAWEI E173

USB-модемдин комплектиси:
|
Наркы |
|
1650 сом |
«300Мб белекке» топтому жана “Ыкчам интернет” тарифтик планы менен сим-карта

«300 МБ белекке» топтому «Альфа Телеком» ЖАКтын абоненттерине 30 күндүн ичинде мобилдик Интернеттин трафигинин 100 акысыз мегабайтын алууга мүмкүндүк берет. Сутка ичинде пайдаланылбаган трафик кийинки суткага кошулуп эсептелбейт жана которулбайт.
Топтомду башкаруу төмөнкү комбинацияларды тандоо аркылуу ишке ашырылат.
|
Шарты |
Буйруу |
|
«300 МБ белекке» топтомуна туташуу |
*185#1# же 185 номерине 1 саны менен SMS жөнөтүү керек |
|
Топтомдун текстин текшерүү |
*185# 186 номерине бош SMS жөнөтүү керек |
Dr.Web лицензияланган антивирусу менен мини – диск жана активдештирүү коду менен скретч-карта.

USB-модемдин мүнөздөмөсү:
Сиздин USB түзмөк менен таанышуу
Төмөндө жайгашкан сүрөт USB түзмөктүн сырткы көрүнүшүн сүрөттөйт.

1. USB кошулган жери
Анын жардамы менен USB түзмөгү компьютерге кошулат.
2. Кур тешикчеси
Капкагын жоготуп албаш үчүн, курчаны тешикчеден өткөрүү менен капкакты жана USB түзмөктү байлап койсоңуз болот.

3. Индикатор
Ал USB түзмөктүн статусун чагылдырат.
4. MicroSD картасы үчүн орунча:
Ал MicroSD картасын ичине батырат.
5. SIM/USIM картасы үчүн орунча:
Ага Абоненттин аныктоо модулу (SIM)/Абоненттин универсалдуу аныктоо модулу (USIM) киргизилет.
USB түзмөктү колдонууга даярдык
1. Алдыңкы капкакты USB түзмөктөн алуу үчүн жылдырыңыз.
2. SIM/USIM картаны, ошондой эле MicroSD картаны төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, тиешелүү орунчаларга жайгаштырыңыз
3. Алдыңкы капкакты жайгаштырып, аны ордуна жылдырыңыз.

Эскертүү:
Орнотуу/ чыгаруу боюнча колдонмо
Башкаруу программасын орнотуу жол-жобосу компьютериңизде орнотулган операциялык тутумга жараша болот. Төмөнкү бөлүк ОС Windows XP мисал катары алат.
USB түзмөктүн компьютер менен байланышы
USB түзмөктү компьютериңиздин USB ички түзүлүшүнө туташтырыңыз.

USB түзмөктүн башкаруу программасын орнотуу
1. USB түзмөктү компьютерге туташтырыңыз.
2. ОС автоматтык түрдө жаңы түзмөктү таанып, орнотуу чеберин ишке киргизет..
Эскертүү:
1. Эгер автоматтык түрдө кое берүү программасы жооп бербесе, драйвердин директориясындагы AutoRun.exe файлын табыңыздар.
2. Андан соң программаны ишке киргизүү үчүн AutoRun.exe эки жолу басыңыз.
3. Экранга орнотуу нускама чеберинин артынан ээрчиңиз.
4. Программаны орнотуп бүткөндөн кийин иш столунда Башкаруу программасы деген иконка пайда болот.
Башкаруу программасын ишке киргизүү
Орнотулгандан кийин Башкаруу программасы автоматтык түрдө ишке кирет. Андан кийин USB түзмөк компьютерге туташылгандан кийин, ар бир жолу Башкаруу программасы автоматтык түрдө ишке кирет.
Сиз ошондой эле башкаруу программасын ишке киргизүү үчүн иш столундагы “MegaCom modem” иконкасын эки жолу бассаңыз болот.
USB түзүлмөнү чыгаруу
1. “MegaCom modem” программалык камсыздоосун жабыңыздар.
2. Андан кийин билдирүү деген жерди басыңыз, “Түзмөктү коопсуз чыгаруу” деген жазуу пайда болот.
3. Тиешелүү түзмөктү тандап алып, “Токтотуу” дегенди басасыз.
4. “Түзмөктү алып салууга болот” деген билдирүү чыкканда USB түзмөктү USB-портунан сууруп алыңыз.
Башкаруу программасын алып салуу
1. Старт > Башкаруу панели > Программаны кошуу же алып салуу (Start> Control Panel> Add or Remove Programs) басмагын тандайсыз.
2. Башкаруу программасын таап, Алып салууну (Remove) басыңыз
Эскертүү:
Өчүрүүнүн алдында башкаруу программасынан чыгыңыз.