«IP байланыш» кызматы
MegaCom аркылуу Россияга чалуулар арзандады
MegaCom компаниясы «IP байланыш» кызматынын ишке кирүүсү тууралуу маалымдайт. 2011-жылдын 21-февралынан баштап биздин абоненттер Россияга арзан баада чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«IP байланыш» кызматын алкагында Россия федерациясына чалуулар мүнөтүнө 2,95 сомду түзүп, тарификациялоо ар секундалык негизде жүргүзүлөт.
Бул кызмат менен колдонуу үчүн, чалууну *1# кыска командасын терүү менен баштоо зарыл.
| Шарттар | Номерди терүү ирети | Акысы |
| Россияга чалуу | *1#7АААххххххх | 2,95 сом/минут |
Эскертме: Туура чалуу жасоо үчүн Россиянын кодунун алдында «+» же «00» деп терүүнүн кереги жок.
Номерди терүү мисалы: *1#7903ххххххх
«IP байланыш» кызматы ортомчу-компания аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, байланыш сапаты начар болушу мүмкүн.
Компания өз кардарларына көрсөткөн кызматтарынын сапатын артыруу максатын аркалап келет.