Мобилдик интернет

Мобилдик интернет

Кызмат SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө кошулат.

15-июндан тартып иштей баштаган мобилдик интернет кызматынын жаңы шарттарына ылайык, бул кызматтан 90 календардык күндүн ичинде пайдаланбаган учурда ал автоматтык түрдө өчүрүлөт. Кызматты активдештирүү үчүн төмөнкү USSD буйругун терүү керек:

*181#3#чакыруу – мобилдик интернетти активдештирүү
Кызматты кайрадан коштуруу акызыс жүргүзүлөт

Internet-GPRS деген эмне?

Internet-GPRS - бул кызмат Bluetooth же data-кабель аркылуу компьютерге кошулган мобилдик телефондун жардамы менен Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай учурда модем, телефондук түйүн сыяктуу кошумча орнотмолордун кереги жок.

Internet-GPRS аркылуу интернетке кирүү сизге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

    • шаардык телефон түйүнүсүз интернетке кирүү;
    • электрондук почтаны жөнөтүү жана алуу;
    • ички корпоративдик түйүнгө кирүү;
    • интернет менен иштеп жатып кирген чалууларды кабыл алуу;
Internet-GPRS кызматын кантип тууралоо керек

Сиздин телефондо Internet-GPRS тууралоо

Internet-GPRS кызматы үчүн уюлдук телефонду тууралоо тартби:

WAPты өз алдынча тууралоо параметрлери:

          • APN: internet

* APN тууралоосу иштебесе модемдин инициализация деген сабына төмөнкүдөй сапты кошуңуз: AT+CGDCONT=1, “IP”, “internet”

Бул маалыматтарды киргизгенден кийин телефонуңузду өчүрүп кайра иштетүүнү сунуш кылабыз.

Мобилдик телефонду модем ордуна пайдаланууга жол берген программаны компьютерге киргизиңиз. (адатта ал уюлдук телефон менен кошо сатылат).

Андан кийин dial-up кошуусун түзүңүз, номери *99#, паролу жок.

Internet-GPRS кызматын тарифтөө
Internet-GPRS кошуу наркы АКЫСЫЗ
Абоненттик төлөм, айына АКЫСЫЗ

Кызматтын наркы 23:00:01 – 06:59:59 07:00:00 – 22:59:59
Internet-GRPS трафик1, Mb үчүн 2,94 сом 5,89 сом
Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү

1 Internet-GPRS трафигинин бир кадамдык тарифтөөсү – 100 кб. (ар бир сессия аяктаганда, көбөйгөн сайын жалпыланып турат)


Эскертүү:

Тууралоолор MegaCom түйүнүндө гана иштейт.

GPRS-роумингде жүргөндө тийешелүү тууралоолорду орнотуу керек.