EDGE
EDGE деген эмне?
EDGE (Enhanced Data Rates for Global Evolution) – бул GSM түйүнүндө маалыматтарды ылдамдык менен жеткирүүчү технология. Учурда MegaCom түйүнүндөгү EDGE конфигурациясы маалыматты 236 kbps ылдамдыкка чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул GPRS-тен 3 эсе ылдам.
EDGE 3G түйүнүнө өтүүчү технология катары да караштырса болот, ал абоненттерге үчүнчү муундун төмөнкүдөй инновациялык кызматтарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет: интернеттен жогорку ылдамдыкта пайдалануу, видео- жана аудиостриминг, видео жаздыруу ж.б. Көпчүлүк мобилдик байланышоператорлору EDGE стандартын 3G-тин экономикалык жаткан эффективдүү альтернатива катары караштырышат.
EDGE кандай артыкчылыктарды сунуш кылат?
EDGE-нин негизги артыкчылыктары – Интернет жана WAP түйүндөрүнө ылдам жана эффективдүү кирүү мүмкүнчүлүгүн тартуулоочу маалыматтарды жогорку ылдамдыкта жеткирүү, ошондой эле MMS-билдирүүлөрүн тез аранын ичинде жөнөтүү жана алуу, мында абонент мобилдүүлүктүн жогорку деңгээлине жетип, үзүрлүү иштей алат.
Буга GPRS технологиясынын негизиндеги кызматтардан пайдаланып келген, EDGE-ни колдогон мобилдик телефондордун ээлери жаңы технологияга өткөнүн байкабай да калышы мүмкүн, себеби мындай телефондор EDGE технологиясына автоматтык түрдө, кандайдыр бир кошумча тууралоосуз өтүп кетет. Төмөндө GPRS жана EDGE пайдаланып ар түрдүү форматтагы файлдарды көчүрүү боюнча бир нече салыштырмалуу мисалдар көрсөтүлгөн.
|
SIZE |
GPRS |
EDGE | |
|
e-mail билдирүү |
10 KB |
1.5 сек |
0.5 сек |
|
Web-баракча |
8 KB |
1.2 сек |
0.4 сек |
|
Тексттик файл |
40 KB |
6 сек |
2 сек |
|
Word/Excel файл |
2 MB |
5 мин |
1 мин. 40 сек |
|
Видео/MP3 файл |
4 MB |
10 мин |
3 мин. 20 сек |
Эскертүү: Көчүрүп жазуунун ылдамдыгы мобилдик телефондун мүмкүнчүлүгүнө жана түйүндүн жүктөлүшүнө жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
EDGE-ни кантып колдонсо болот?
Бул кызматтан EDGE жана ага тийешелүү тууралоолорду колдогон телефондору бар, ошондой эле EDGE камтуу аймагында жүргөн MegaCom компаниясынын бардык абоненттери колдоно алышат.
EDGE кайсыл жерлерде бар?
EDGE-ин иштерин Сиз Internet, Wap жана MMS кызматтарын пайдаланууда биз көнгөн G тамгасынын ордуна Сиз E тамгасын көрөсүз.
Менин телефонум EDGE-ни колдойт. Мага дагы кошумча тууралоолор керекпи?
Жок. GPRS технологиясына тийешелүү Internet, WAP жана MMS-ти гана тууралоо жетиштүү болот.
EDGE-ни пайдаланып маалыматтарды жөнөтүүнүн кандай ылдамдыгын күтсө болот?
EDGE колдонууда кошуу ылдамдыгы GPRS-тен 3 эсе тез жүрүп, секундасына 236 килобитти түзөт. Мобилдик телефондун өзгөчөлүгүнө же түйүндүн толуп кетишине жараша ылдамдык төмөндөшү да мүмкүн.
EDGE технологиясынын жардамы менен кындай кызматтар жакшырат?
WAP, MMS жана Internet кызматтары, MegaCom GPRS технологиясынын негизинде сунуш кылган контентти көчүрүү EDGE аркылуу бир топ эффективдүү жүргүзүлөт.
EDGE кантип тарифтелинет?
EDGE технологиясы кошумча төлөмдөрдү талап кылбайт. EDGE аркылуу Internet жана WAP колдонуу GPRS-тегидей эле тарифтелинет. MMS кызматы да мурунку баада тарифтелинет. EDGE GPRS-тин кошумча бөлүгү катары эсептелинет (EDGE-ни ылдам GPRS деп да аташат), бул EDGE мобилдик терминалдары үчүн кызматтардын бардыгы тарифти өзгөртпөстөн пайдалануу дегендик. Башкача айтканда, ошол эле баадагы көбүрөөк артыкчылык.