«Кара тизме» кызматы

«Кара тизме» кызматы

«Кара тизме» кызматы өз номерине тиешелүү номерден кириш чалуулардын аткарылуусуна тыюу киргизүү менен абонентке жагымсыз чакырыктардан арылууга мүмкүндүк берет. Мында чакырып жаткан абонент чакырылып жаткан абоненттин номери бош эмес деген системанын жообун алып турат.

«Кара тизмеге» киргизилген MegaCom абоненти тарабынан SMS билдирүү жөнөтүлгөн учурда – билдирүү жөнөтүлбөйт, мында SMS билдирүү үчүн кошум эсептөө жүзөгө ашырылбайт. Кара тизмеге киргизилген башка операторлордун, анын ичинде эл аралык, абоненттери тарабынан SMS билдирүүлөр жөнөтүлгөн учурда – билдирүү алуучуга жеткирилет.

Шарттары

Команда

Наркы

Жагымсыз номерди «Кара тизмеге» киргизүү *220#1#0AAAxxxxxx#чакыруу 4,95 сом
Жагымсыз номерди «Кара тизмеден» чыгаруу *220#0#0AAAxxxxxx#чакыруу 0,00 сом
Бардык номерлерди чыгаруу *220#00#чакыруу 0,00 сом
«Кара тизменин» бардык номерлерин текшерүү *220#1#чакыруу 0,00 сом
Кызмат тууралуу кыскача маалымат
*220#чакыруу 0,00 сом


мында 0AAAxxxxxx – Кара тизмеге киргизүү/чыгаруу зарыл болгон абоненттин телефон номери

«Кара тизмеге» киргизилүүчү номерлер боюнча чектөө жок. Эгерде тизмеде 10дон ашык номер болсо, абонентке номерлердин тизмеси менен SMS-билдирүү келет.

Эгерде абонент кириш чакырууларга тыюу салууну орноткон болсо жана андан соң башка номерге даректөөнү аткарса, чакырууларга тыюу салуу өз ишин уланта берет.

«Кара тизме» кызматы абонент роуминг абалында турганда иштебейт деп эскерте кетебиз.