Түштүк Кореядагы роуминг
Түшүтүк Кореяда MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн эларалык роуминг кызматы төмөнкү эки уюлдук байланыш операторлору тарабынан көрсөтүлөт:
KT Freetel Co., Ltd. (CDMA 2000) жана SK Telecom Co., Ltd. (CDMA 800).
Бул операторлордун түйүндөрүндө стандарт аралык роумингден пайдалануу үчүн стандарттар аралык уюлдук телефондон пайдалануу керек (мисалы IM-5200). Бул уюлдук телефонду Түштүк Кореяга келгенде Incheon жана Busan аэропортторунан ижарага алса же Интернет аркылуу заказ кылса болот.
Стандарттар аралык телефонго MegaCom түйүнүнүн SIM-картасы салынгандан кийин эларалык роуминг кызматы көрсөтүлөт.
Маалымат үчүн:
Түштүк Кореяда негизинен CDMA стандартындагы уюлдук байланыш иштейт, демек жогоруда белгиленген ыкма аркылуу Түштүк Кореяда GSM стандартындагы уюлдук байланышына эларалык роуминг кызматын көрсөтүү маселеси чечилди десек болот.