Роуминг кызматын төлөө

Роуминг кызматын төлөө

Роумингде балансты толуктоо үчүн роумингди өчүрүү ирегесине жетип калганда (1140 сом) Алдын ала төлөө картасын сатып алып, кыска USSD-сурамынын жардамы менен толуктасаңыз болот. Кээ бир өлкөлөрдүн операторлору кандайдыр бир себептерден улам кыска сурамдарды кабыл албайт, мындай учурда 555 номерине картанын PIN-коду көрсөтүлгөн SMS жөнөтүшүңүз керек. Бирок бул билдирүү бекер болбойт, себеби ал башка оператордун түйүнү аркылуу жөнөтүлүп жатат. Ошондой эле сиз балансыңызды Кыргызстанда жашаган туугандарыңыз аркылуу да толуктасаңыз болот. бул үчүн алар Абоненттерди тейлөө борборлорунун бирине же расмий дилердик пунктка келип, тийешелүү сумманы Сиздин номериңизге төгүшү керек, мындан тышкары, алар Алдын ала төлөө картасынын жардамы менен дагы Сиздин балансты толуктай алат.

Сиз роумингде болуп, өз алдынча, Алдын ала төлөө картасын сатып албастан балансыңызды толуктай аласыз. Ал үчүн Сиз жергиликтүү банктардын бирине келип тийешелүү сумманы өзүңүздүн эсебиңизге төгүп коюңуз. Ал үчүн Сиз MegaCom компаниясынын банк реквизиттерин жана өзүңүздүн бет эсебиңиздин номерин билишиңиз керек. Учурда төлөө валютанын 5 түрүндө гана жүргүзүлөт – АКЩ доллары, евро, рубль, тенге жана сом. Төлөө ыкмалары жөнүндө бул жерден билсеңиз болот.

Кирген чакыруулар

MegaCom абоненти анын меймандык түйүнүнө автоматтык түрдө дарегин жаңыртып кирген чакыруулар үчүн төлөйт. Чакырууларга төлөө эларалык роумингдик тарифтер жана шарттар боюнча жүргүзүлөт.Сиздин уюлдук телефонуңузга чалып жаткан абонент үчүн бул чалуу эларалык болбойт жана GSM стандартындагы телефонго чалуу катары тарифтелинет. Сөзсүз даректи жаңыртуу кызматынан тышкары даректи жаңыртуу кызматын пайланган учурда дарек кайса өлкөгө жаңыртылгандыгы боюнча меймандык түйүндөн чыккан чакыруу катары тарифтелинет. Роуминг кызматынын баасы MegaCom байланыш кызматынын ай сайын берилүүчү жалпы эсебине кошулуп турат.

Чыккан чакыруулар

Чыккан чакыруулар үчүн төлөө ар бир меймандык түйүн операторунун аракеттеги тарифине жараша алынып турат. Тарифтер КРнын улуттук валютасында (сом) көрсөтүлөт. Конкреттүү чалуунун баасы оператор берген шарттарга, убакытка, сүйлөшүүнүн узактыгына, ошондой эле ар бир роуминг операторунун өзүнүн эфирдик убакытты жалпылоосуна жараша болот.

Көңүл бургула! Роумингде жүргүзүлгөн чалуулардын ар бир мүнөтү тарифтелинет.