«GPRS роуминг» кызматы

«GPRS роуминг» кызматы

«GPRS-роуминг» кызматы абонентке МегаФон (Россия) уюлдук оператору-өнөгүбүздүн түйүнүндө жүргөн учурда «Мобилдик интернет» же «wap жана mms» кызматтарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Кызматтан MegaCom түйүнүнүн бардык тарифтеринен пайдаланса болот.

«GPRS-роуминг» кызматынан пайдалануу үчүн абонент Тейлөө борборуна кайрылып, «GPRS-роуминг» кызматын коштуруу үчүн арыз жазып ага кол коюшу керек.

«GPRS-роуминг» кызматын пайдаланууда, уюлдук аппараттан кирүү түйүнүн өзгөртүү керек.

Кызмат Үй түйүнүндө жүргөндө Роумингде жүргөндө
«Мобильный интернет»
internet
internet.kg
«WAP» wap wap.kg
«MMS» mms mms.kg

Ошондой эле уюлдук аппаратты пакеттик түрдө оңдоодо «талап боюнча пакеттик кошуу/when needed» орнотулушу керек (бул аталыш уюлдук аппараттын моделине жараша өзгөрүшү мүмкүн).

Баасы:

Роуминг аймагы Өлкө Тарифи
МегаФон Россия
1Mb үчүн 220 сом
(10 Kb чейин жалпыланат)
K'Cell Казахстан
1Mb үчүн 80 сом
AT&T АКШ
1Mb үчүн 1024 сом
Баалар салыктардын бардыгы эсепке алуу менен көрсөтүлдү

Эскертүү:

* Алдын ала төлөнүүчү тарифтер үчүн өчүрүү чеги 1140 сомго барабар.

* GPRS-роумингде жүргөндө жөнѳүлгөн ар бир MMS-билдирүүсүнүн баасы ошол MMS-билдирүүсүнүн көлөмүнө жараша эсептелинет. Мында тарифтөөнүн интервалы жана жиберилген трафиктин баасы GPRS-роумингдеги Internet жана WAP кызматтарындагыдай эле.