Роумингге кошуу жана анын өзгөчөлүктөрү
Роумингди коштуруу үчүн компаниянын абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, арыз жазып, балансты 3800 сомдон кем эмес суммада толуктоо керек (роуминг кызматын коштуруу ирегеси). Роуминг кызматын көрсөтүүнүн шарттары тууралуу толук маалымат алуу үчүн тейлөө борборлорунун консультантына же компаниянын сурап-билүү маалымат борборуна кайрылсаңыз болот.
Көңүл бургула! Роуминг боюнча тике өнөктөштөрдүн тизмеси «Роуминг боюнча тике өнөктөштөр» бөлүмүндө берилген. Тике өнөктөштөрдүн түйүндөрүндөгү роуминг ички - MegaCom жазылуусу менен жеткиликтүү, дүйнөнүн уюлдук операторлорунун башка түйүндөрүндө sim-картада жайгаштырылган MIR жазылуусун тандап алуу зарыл. Роумингден Кыргызстанга кайткан учурда ички MegaCom жазылуусун кайрадан тандап алуу зарыл.
Телефон аппаратында керектүү жазылууну тандап жана аны текшерүү үчүн телефондун менюсунан MegaCom жазуусун табыңыз, ал адатта негизги менюда жайгашат (мисалы, Nokia жана Siemens телефондорунда), «Шаймандар» бөлүмүндө болушу да мүмкүн (Tools) Motorola телефону үчүн, Samsung телефону үчүн Applications же WAP жана Оюндар бөлүмүндө, Sony Ericsson аппараты үчүн «Оюн-зоок» (Entertaiment) бөлүмүндө жайгашат.
Жазылууну тандоо/көрүү телефон аппараттарында окшош келет:
- MegaCom менюсуна кирүү.
- «Жазылуу» жана «Оңдоо» (SetUp) деген эки пункту пайда болот. «Жазылуу» пунктун тандоо керек.
- «Жазылууну көрсөтүү» (учурдагы жазылууну көрүү үчүн колдонулат) жана «Жазылууну тандоо» (агымдагы жазылууну алмаштыруу үчүн керек) деген эки жазылуу пайда болот.
- Учурдагы жазылууну алмаштыруу үчүн «Жазылууну тандоону» басыңыз.
- Эки пункт пайда болот: MegaCom жана MIR.
- ОК кнопкасын басып, тийешелүү жазылууну тандаңыз да аппараттын негизги менюсуна кайта келиңиз. Жазылууну тандоо учурунда MegaCom ички жазылуусу менен кайсы түйүндөрдө роуминг жеткиликтүүлүгүн чагылдырган роуминг боюнча тике өнөктөштөрдүн тизмеси менен таанышып чыгыңыздар.
- Түйүндү өз алдынча тандоону сунуш кылабыз, себеби автоматтык режимде аппарат күчтүү сигналы бар түйүндү тандап алат. «Түйүн тандалсынбы?» (Select Networks?) деген суроого ОК кнопкасын басыңыз.
- Андан соң дисплейде сиз жүргөн аймактагы түйүндөрдүн тизмеси пайда болот. Чет өлкөгө кетерден мурун тейлөө борборунун консультантынан же Call-борбордун операторунан, же болбосо биздин сайтыбыздан, сиз сапар тартып жаткан өлкөдө кандай түйүндөр бар экенин тактап алууну сунуш кылабыз. Роумингде иштей турган гана түйүндөрдө катталуу керек. Роумингде иштебеген түйүндө катталып алсаңыз 112 (Emerdency Calls) кыска номерине шашылыш гана чалууларды жасоого мүмкүндүк берет.
- Текшериңиз...
Чет өлкөгө кетерден мурун сиздин телефонуңуз эларалык телефонияга кошулгандыгын текщериңиз. Телефон кошулбаган болсо, сиз чала албай каласыз.
- Кээде...
Кээде роумингдин иштебешинин себеби сиздин уюлдук телефонуңузда да болушу мүмкүн (мисалы, эскирген, оңдолгон же сертификаты жок уюлдук аппараттар). SIM-картаны башка аппаратка салып көрүңүз, мүмкүн ошондо сиздин маселеңиз чечилет.
- Мүмкүн...
Роумингде кирген жана чыккан SMS-билдирүүлөрүнүн номерлери меймандык түйүндүн коммутаторунда транзиттик түйүндүн номерлерине алмашып калышы мүмкүн, мындай номерлер сиз көнгөн номерлерден айырмаланып турат. Кирген чалууларда да, чалып жаткан адамдын номери өзгөрүшү мүмкүн, же телефондун дисплейинде жана чалууларды деталдаштырууда да такыр эле көрүнбөйт. Бул роуминг кызматынын өзгөчөлүгү. SMS билдирүүлөрдүн бардыгы дарегине жетет. SMS билдирүүлөрдүн бардыгы сиз жөнөтүп жаткан телефон номерге келип түшөт.
- Чет өлкөгө SMS жөнөтүү учурунда алуучунун номерин «+» белгиси аркылуу, + форматында [өлкөнүн коду] [түйүндүн коду] [абоненттин номери] терүү зарыл, мисалы + 99455Х ХХХХХХ.
- Айрым өлкөлөрдө Роумингде болуу менен кошулууга аракет көрүүдөн тартып төлөм алынышы мүмкүн (башкача айтканда, аракет көрүү натыйжасына карабастан абонент чалууну аткара берген учурдан), оператор кошуу команда жөнөткөн учурдан тартып төлөм ала баштайт.
- Роумингде географиялык жайгашууну алмаштыруу учурунда (башка өлкөгө учуп баруу/көчүп кетүү) аппаратыңызды өчүрүп-күйгүзүп, каттоодон өтүү үчүн конок түйүнүн тандап алуу зарыл.
- Текшериңиз…
Роумингге чыгуу учурунда аппаратыңызда бардык GPRS-сессиялар өчүк экендигине ынаныңыз. Аппараттын өзүндө да жагдай боюнча түйүнүнүн тескөөлөрүн да өзгөртүү зарыл. Мисалга алсак, Nokia 5610D моделинде Теске салуу менюсу -> Телефонду теске салуу -> Түйүндүн түрү -> Тизмеден Кош ыргак, UMTS, GSM, ушул «GSM» гана тандап алуу зарыл. Ошондой эле «Пакеттик маалыматтар» тескөөсүнүн «Пакеттик кошулуулар» менюсунан «Туруктуу жеткиликтүүлүк/ Always attached» пунктунун ордуна «Талап боюнча/When needed» пунктун тандап алуу зарыл.
|
«Роуминг»/«GPRS роуминг» кызматын кошууга билдирме |