Перейти на новый сайт
MegaCom командасы - «Газпром нефть Азия» IX эл аралык турниринин чемпиону!

MegaCom командасы - «Газпром нефть Азия» IX эл аралык турниринин чемпиону!

MegaCom командасы Кожомкул атындагы Спорт сарайында 2016-жылдын 1-февралынан 7-февралына чейин мини-футбол боюнча «Газпром нефть Азия» Кубогу үчүн болуп өткөн IX эл аралык турнирде алтын медалды утуп алды.

Быйыл баш байге үчүн 21 команда ат салышып, беттешүүлөрдүн дээрлик бардыгында MegaCom футболчулары мыкты оюн көрсөтүп, 6 оюнду жеңилүүсүз жыйынтыкташты. Кубоктун финалдык оюнунда былтыркы жылдагы атаандашы-«Манас» аэропортунун командасы менен таймашка чыгышкан мегакомчулар, жыйынтыгында, 7:2 эсебинде жеңишке жетишип 2016-жылдын чемпиону наамына татыктуу болушту. «Мыкты бомбардир» наамына ишенимдүү түрдө ээ болгон(16 гол) мега-кураманын чабуулчусу Олег Гевленконун эмгегин баса белгилебей коюуга болбойт.

Бүгүнкү күндө компаниянын курама командалары ар түрдүү турнирлерге катышып, мыкты жыйынтыктарга жетишип келүүдө. Эске сала кетсек:
• MegaCom командасы- футзал боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн курамаларынын арасында жыл сайын өткөрүлүүчү «Наристе» турниринин жеңүүчүсү (2015, 2016 ж.ж).
• «MegaCom – Талас» курамасы Талас облусунун мини-футбол боюнча эки жолку чемпиону(2012, 2014ж.ж).
«MegaCom – Ош» командасы Ош облусунун ири масштабдуу турниринин 2015-жылдагы күмүш байгесинин ээси.

2011-жылы башталган «Mega Футбол» долбоору спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болгону талашсыз. Мекенибиздин аймактарында компания тарабынан курулган, оңдолуп-түзөлгөн футбол талааларында футбол ойногондордун саны арбын болсо, уюлдук оператордун жамаатынын ичинде да футбол сүйүүчүлөр четинен табылат.

Компания жалпы жамааты өз спортчулары менен сыймыктанат жана спортчу-кесиптештерине ийгиликтерди каалайт!

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • NITRO

    кызматы