Перейти на новый сайт
MegaCom «Үн почтасы» – Сиздин жеке катчыңыз

MegaCom «Үн почтасы» – Сиздин жеке катчыңыз

Сиздин телефонуңуз өчүрүлгөн абалда, бош эмес же аймактан тышкары болуп, ал эми Сиз бардык кирген чалуулар тууралуу кабардар болгуңуз келсе Сизге «Үн почтасы» жардамга келет.

Күнү-түнү кызматыңызда боло турган автоожоопбергич түрүндөгү жеке катчыңыздын кызматынан пайдаланыңыз! Сиздин номуруңузга чалган абоненттер «Үн почтасы» кызматынын жардамы менен үн билдирүүсүн калтыра алышат. Калтырылган үн билдирүүсү тууралуу Сизге SMS-билдирүү аркылуу маалымдалат. Мындан тышкары өзүңүздүн саламдашууңузду Сизге ыңгайлуу болгон тилде (кыргыз,орус,өзбек,англис) жаздыра аласыз.

«Үн почтасы» телефонуңуз өчүк же аймактан тышкары болгон учурларда кабыл алынбаган чалуулар тууралуу маалымдайт.
Кызматты акысыз кошуу үчүн *990*1# буйруусун же *990 кыска буйруусун териңиз жана үн нускамаларына ылайык аракетиңизди улантыңыз.

Абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн акы төлөнүүчү үн кутучасы дагы аракетте болот. Аталган үн кутучасында 1,5 сом өлчөмүндөгү күн сайын алынуучу абоненттик төлөм менен максималдуу узундугу 3 мүнөт болгон көп сандагы билдирүүлөрдү узак убакытка чейин сактоо сунушталат. Кошуу *990*11# же *990 чакырууну (наркы – 5 сом) терүү аркылуу ишке ашырылат.
Кызмат тууралуу кошумча маалымат бул жерде.

 

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы