Перейти на новый сайт

MegaCom: Талас облусунда 3G түйүнү менен каптоо аймагы 2 эсеге кеңейди.

MegaCom: Талас облусунда 3G түйүнү менен каптоо аймагы 2 эсеге кеңейди.

MegaCom мобилдик оператору маалыматты жогорку ылдамдыкта жөнөтүү жана бардык жерде жеткиликтүү болгон байланыш кызматтары менен камсыздоо боюнча алгылыктуу кадамдарды таштап келет. 2015-жыл да мындай аракеттерден куру эмес. Сөзүбүзгө аралжы, маалым болгондой компаниянын техникалык адистери тарабынан Талас облусунун 12 калктуу аймагында аймагында 3G түйүнү ишке киргизилди.

Эми, MegaCom 3G түйүнү менен Талас облусунун борбордук аймактары гана камсыз болбостон, алыскы айыл аймактары да пайдалана алышат. Алардын катарында Новодонецкое, Майское, Кеңеш, Көк-Дөбө, Талас, Манас, Кум-Арык, Көк-Таш, Ак-Жар, Кызыл-Туу, Кызыл-Адыр, Бейшеке айылдары кирет.

3G түйүнүнүн каптоо аймагында болгон MegaCom абоненттери Интернет-ресурстарын жогорку ылдамдыкта колдонуп, агым видеосун көрүп, почта тиркемелерин жана башка сервистерди колдонуп, видеочалууларды аткарып, чоң көлөмдөгү файлдарды жүктөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Талас облусунда 3G түйүнү менен каптоо аймагы 2 эсеге кеңейсе, ал эми Чүй облусунун калк жыш жайгашкан аймактарында жана райондорунда, тактап айтканда Ак- Бекет, Жаңы-Алыш, Новомихайловка айылдарында жана Бишкек шаарында каналдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогоруулады.

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы