Перейти на новый сайт
MegaCom эскертет: SIM–карталарды каттоодон өткөрүү мөөнөтү 15 күндөн соң аяктайт

MegaCom эскертет: SIM–карталарды каттоодон өткөрүү мөөнөтү 15 күндөн соң аяктайт

MegaCom абоненттерин өз SIM-карталарын каттоодон өткөрүүгө чакырат жана 2015-жылдын 8-августуна чейин номурун каттоодон өткөрбөгөн абоненттердин номурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жылуучу радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү тууралуу” Токтомуна жана уюлдук операторлордун лицензиялык милдеттенмелерине ылайык өчүрүлө тургандыгын эскертет.

Урматтуу абоненттер!

Келишим түзүү үчүн жакын арада MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылып, инсандыгын ырастаган документтердин бирин (паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, аскер билетин же бааргердин күбөлүгүн) көрсөтүүсү жетиштүү.

  • Мобилдик шылуундардын алдамчылык аркеттеринин алдын алуу
  • Чалуулардын деталдоосун алуу
  • SIM-карта жоголуп кеткен учурда номурду сактап калуу үчүн SIM-картага бөгөт коюу
  • Номурду ыкчам калыбына келтирүү
  • “Экинчи дем” кызматы боюнча максималдуу суммадагы насыя алуу
  • MegaCom call-борборуна чалуу менен SIM-картаны убактылуу бөгөттөө мүмкүнчүлүгү
  • Абоненттин кызматтан пайдаланган жылдарын, бонустарды, кошулган кызматтарды жана опцияларды сактап калуу
  • Кийин төлөнүүчү роумингди кошуу
  • Тармакта тейленген жылдарынан көзкарандысыз «Мобилдик которуу» кызматынан пайдалануу
  • Идентификациялоодон өтүүнүн жеңилдетилген жолу, жашырын сөздү жана аты-жөнүн айтуу гана жетиштүү

Эстен чыгарбоо керек! Номурларды каттоодон өткөрүү акысыз. Номурду каттоодон өткөрүү үчүн акы талап кылган мыйзамсыз аракеттер шылуундар тарабынан гана ишке ашат. Сак болуңуздар!

SIM-картаңызды өзүңүз жашаган(жүргөн) аймакта жайгашкан MegaCom компаниясынын промоутердик түйүндөрүнөн каттоодон өткөрсөңүз болот. Картасы төмөндө келтирилген:

 

Сунушталган кызматтар

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы