Перейти на новый сайт
MegaCom: дагы бир ирет персонификациялоонун артыкчылыктары тууралуу

MegaCom: дагы бир ирет персонификациялоонун артыкчылыктары тууралуу

Урматтуу абоненттер!
КРдин Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан маалымдалгандай SIM–карталарды каттоодон өткөрүү мөөнөтү 2015-жылдын 8-августунда аяктайт.
 

MegaCom абоненттери SIM–карталарын компаниянын сатуу жана тейлөө борборлорунун биринен каттоодон өткөрө алышат. Бул үчүн жарандыгын тастыктаган документинин бирин: паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, аскер билетин же бааргер күбөлүгүн жанына алып алуусу жетиштүү.

Каттоодон өткөрүүнүн артыкчылыктары:

  • Мобилдик алдамчылыктан сактануу
  • Чалуулардын деталдоосун алуу
  • SIM-карта жоголуп кеткен учурда номурду сактап калуу үчүн SIM-картаны бөгөттөө
  • Номурду ыкчам калыбына келтирүү
  • «Экинчи дем» кызматы боюнча жогорку өлчөмдөгү насыя алуу
  • Кардарларды колдоо кызматына чалуу менен SIM-картаны убактылуу бөгөттөө мүмкүнчүлүгү
  • Абоненттин кызматтан пайдаланган жылдарынын, бонустардын, кошулган кызматтардын сакталышы
  • Кийин төлөнүүчү роумингди кошуу
  • Кызматтан пайдаланган убактысынан көзкарандысыз «Мобилдик которуу» кызматынан пайдалануу
  • Идентификациялоодон оңой эле өтүү, б.а. жашырын сөздү жана аты-жөнүн гана айтуу жетиштүү

Өлкө аймагы боюнча компаниянын 65тен ашуун кеңсеси бар, бул болсо өз кезегинде алыс жайгашкан калктуу конуштардын тургундарына компания менен келишим түзүп, персонификациялоонун артыкчылыктарынан пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзөт.

Белгилей кетсек, каттоодон өтүү акысыз жана 5 мүнөттөн ашпаган убакытты алат.
Толук маалыматты *400 ( MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз)номуру аркылуу алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы