Перейти на новый сайт

MegaCom: Жаңы тескөөлөрдү телефонуңузга орнотуңуз!

MegaCom: Жаңы тескөөлөрдү телефонуңузга орнотуңуз!

MegaCom компаниясынын абоненттеринин саны күн санап өсүүдө. Ошол себептен, оператор жабдууларды жакшыртуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. 2015-жылдын апрель жана май айларында, тармактын жалпы өткөрүү сыйымдуулугун жана кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында тармактын негизги элементтерин жакшыртууга багытталган жигердүү иштер аткарылууда.

Маанилүү: Жабдууларды көчүрүү иштерине байланыштуу, MegaCom абоненттерине жакынкы убакыттын ичинде MMS жана WAP кызматтарынан пайдалануу үчүн жаңы тескөөлөрдү орнотуу зарыл. Аталган кызматтардан колдонуу үчүн мобилдик телефондордун акысыз авто-тескөөсүнөн орнотуу жетиштүү. Бул тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтындагы интернет бөлүгүнөн алууга болот.

«Бир нече мүнөттүн ичинде мобилдик түзмөккө жаңы тескөөлөрдү орнотуп, жыйынтыгында сапаты бир кыйла жогорулаган кызматтарды баамдап көрүүгө болот. Ошол себептен биз өзүбүздүн абоненттерибизге өз убакыттын бөлүп жаңы тескөөлөрдү орнотууну сунуштайбыз», — деп белгиледи, MegaCom компаниясынын Көтөргүч тармагын эксплуатациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Рогозянов.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператор.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы