Перейти на новый сайт

Бишкекте шаар тарыхында болуп көрбөгөндөй веложүрүш болуп өттү

Бишкекте шаар тарыхында болуп көрбөгөндөй веложүрүш болуп өттү

«Апа, апа, булар миңден да ашат экен!» - деп таң кала кыйкырды жол четинде турган бөбөк кубанганын жашырбай. Ооба, Нооруз майрамын улай келген жаздын ушул жекшембиси ордо калаабыз үчүн өзгөчө болду көрүнөт. 2015-жылдагы жайкы велосезондун ачылыш аземине 600гө жакын адам катышып, бул иш-чара эң масштабдуу веложүрүш катары шаарыбыздын тарыхында калды. Кеп учугун веложүрүш тууралуу улайлы.

2015-жылдын 22-мартында Бишкекте бардык велосүйүүчүлөр чогулушту. Олимпиадалык кыймылдын баалуулуктарын жана идеяларын колдоп, велоколоннаны жетектеген MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов менен бирге компаниянын жүзгө жакын кызматкерлери веложүрүшкө катышты. Алгач Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйналган веложүрүшчүлөр шаардын башкы көчөлөрүн аралап өтүштү. Мындай өзгөчө көрүнүш калаа тургундарын бир чети таң калдырса, бир чети кубандырганы алардын жүздөрүнөн байкалып турду. Шаардын түштүк бөлүгүндө Ленинград Блокадачыларынын эстелиги алдында өргүү алган веложүрүшчүлөр конкурстук программага катышып, эң шамдагайлары Орто-Сай айылы жайгашкан аймактагы тоо этектерин көздөй жол тартышты. Ал жерден уюштуруучулар катышуучуларды ысык палоо менен күтүп алышып, шам-шум эткен веложүрүшчүлөр кайрадан таза абада түрдүү оюндарды ойношту.

Иш- чара шаардын R-Bikers расмий эмес велоклубу тарабынан демилгеленгендигин белгилебей коюуга болбос. Аталган иш- чаранын жана Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын башкы өнөктөшү болгон алдыңкы мобилдик оператор бардык катышуучуларга «MegaCom – спорт үчүн, сергек жашоо үчүн!» деген ураан түшүрүлгөн футболкаларды, оюндардын жана конкурстардын жеңүүчүлөрүнө фирмалык рюкзактарды, кепкаларды, муздаткыч-баштыктарды, сүрөт рамкаларын, кол чырактарды тапшырды.

Жайкы велосезондун ачылышы -эски достор менен жолугушуу жана жаңылары менен таанышуу , велокоомчулуктун ири жыйынына күбө болуп, анын өзгөчө атмосферасын баамдоонун уникалдуу мүмкүнчүлүгү , муну өз кезегинде майрамдык иш- чаранын катышуучулары да белгилеп жатышты. Жүздү жагымдуу сылаган жазгы жел, жаратылыш койнундагы кыймылдуу оюндар, жаңы таанышуулар, достошуулар -веложүрүштүн ачылыш аземин жазгы майрамга айландырып, ажайып сезимдерди тартуулады. Велосезон-2015 ачылды деп жарыяланды! MegaCom компаниясынын facebook-тагы расмий баракчасындагы сүрөт баяндамадан өзүңүздү жана досторуңузду белгилеңиз, спорт менен машыгыңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы