Перейти на новый сайт

MegaCom чек арачыларды Мекенди коргоо Күнү менен куттактады

MegaCom чек арачыларды Мекенди коргоо Күнү менен куттактады

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата карата MegaCom уюлдук оператору чек арачыларды куттуктады. Бул ирет Ысык-Көл блусундагы 2028 чек ара аскер бөлүгүндөгү аскерлерге компания тарабынан майрамдык концерт тартууланып, белектер тапшырылды.

Уюлдук оператор мекенди коргоочулар күнүнө карата аймактагы мекен сакчылардын жууркан-төшөгүн толугу менен жаңырытып берүүнү туура деп тапкан. Жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык каражатка алынган белектер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга компания тарабынан буйрутма берип даярдалган.

«Биздин жашоодо барынан кымбат- тынчтык, бейкуттук жана туруктуулук. Бүгүн биз мамлекеттик чек араны кайтаргандар жана кызматтагы жоокерлер мекендештеринин колдоосун жана ыраазычылыгын сезишин каалайбыз», - деп белгиледи өз сөзүндө MegaCom компаниясынын Башкы директору Азат Базаркулов.

 

“Биз MegaCom дун эмгек жамаатына чек арачыларга жардам көрсөткөнү үчүн ыраазыбыз. MegaCom сыяктуу ири компаниянын колдоосу, бизге тиричилигибизди, чек аралык инфраструктураны, чек аралык коопсуздукту камсыз кылууга бардык шарттарды жакшыртканга жардам берет», - деп белгиледи КРнын ЧКнын 2028-аскер бөлүгүнүн башкармалыгынын начальниги, полковник Руслан Закиров.

Эл-жеринин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп жаткан эр-азаматтарга майрмадык маанай тартулоо үчүн, MegaCom компаниясы концерттик программа даярдап, ал Каракол шаарындагы маданият үйүндө өттү. Концерттик программа чек арачыларга жагымдуу маанай тартуулап, оюн-зооктор менен иш-чаранын кызыгын арттырды. Оюнга жигердүү катышкандарга компаниянын белектери тартууланып, эстрада ырчылар жана бий топтору майрамды шаңга бөлөдү.

Суроокат: Жыл сайын мекен сакчыларын куттуктоону салтка айланткан MegaCom компаниясы буга чейин 2013-жылы Ош чек ара кошуунунун 2024 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерин куттуктап, оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган Ош шаарындагы “Түштүк” аскер госпиталынын чатырын толугу менен алмаштырып берген болсо, 2014-жылы Баткен облусундагы 2022 чек ара отрядына белек катары 300 төшөнчү-жууркан берген.

MegaCom уюлдук компаниясы Ата-мекенди коргоочулардын күнү менен мекен чегиндеги жоокерлерди жана бардык мырзаларды куттуктайт.


 

Сунушталган кызматтар

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы