Перейти на новый сайт

MegaCom футбол командасы кезектеги жеңишке ээ болду

MegaCom футбол командасы кезектеги жеңишке ээ болду

MegaCom компаниясынын футбол боюнча командаларынын спорт жаатындагы жетишкендиктери кубандырбай койбойт. Талас облусунун чемпионатынын алкагында компаниянын Талас калаасындагы курама командасы кезектеги чоң жеңиштерге жетишип келсе, Ош шаарындагы компаниянын курама командасы кичи-футбол боюнча Ош облусунун Биринчи Лигасынын жогорку баскычын ээлеген.

Компаниянын кызматкерлеринен турган ынтымактуу «MegaCom - Талас» футболдук командасы өздөрүнүн жеңишке болгон умтулуусу менен таанымал. Алар беш жолу Талас облусунун кичи-футбол боюнча чемпионатынын жеңичүүлөрү болушкан. Бүгүнкү күндө, алдыңкы байгелүү орундарды ээлеп турган, команда, кезектеги оюндарды жеңиш менен аяктап, өзүнө плей-офф’ко чыгууну камсыздаган. Алдыда курама команданы «В» топтук баскычында алдыңкы орунга татыктуу болгон «Кызыл-Сай» командасы менен таймашуу күтөт.

Ал эми, турнирдик баскычта алдыңкы орунду ээлеген, «MegaCom - Ош» курама командасындагы кесиптештерибиз, жеңилүүсүз 4 жеңишке жетишип, кичи-футбол боюнча Ош облусунун Биринчи Лигасынын экинчи тегерегине чыгышкан. Финалда футболчулар Ош облусунун Жогорку Лигасына чыгуу аракетин көрмөкчү.

MegaCom өз кызматкерлеринин спорт жаатындагы жаңы жеңиштери менен сыймыктанат. Компания, кызматкерлерин корпоративдик спорттук оюндарга тартуу жана кыргызстандык спортчуларга ар дайым колдоо көрсөтүү менен өлкөбүздөгү спорттун өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, буга өзүнүн салымын кошуп келет. Мындан тышкары, компаниянын «Mega Футбол» долбоору алкагында Каракол, Баткен жана Ош шаарларында кичи футбол аянтчалар курулуп, Талас шаарынын борбордук стадионунда оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлгөн. MegaCom компаниясы мекендештерин сергек мүнөздөгү жашоого үндөп, спорт менен машыгууга шарт түзүп келет.

MegaCom – спорт үчүн, сергек мүнөздөгү жашоо үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы